Перейти на новый сайт

Роуминг – бул оңой!


Роуминг – бул оңой!

2010-жылдын 1-февралынан тартып Казахстан жана Түркмөнстанга кетип жатышкан абоненттер MegaCom ички жазылуу боюнча роумингке автоматтык түрдө кошула алышат.

Өнөктөштүк мамилелерди чыңдоо максатында MegaCom компаниясы тарабынан эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын натыйжасында Түркмөнстандын MTS (BCTI) оператору жана Казахстандын K’Cell (LLP GSM Kazakhstan «KAZAKHTELEKOM» ААКсы), Beeline (KaR-Tel LLC) жана NEO (Mobile Telecom-Service LLP Neo) кесиптештер менен тикелей роумингдик макулдашууларга жетишилди. 2010-жылдын 1-февралынан тартып Россия, Казахстан жана Түркмөнстанга чыгып жаткан абоненттердин ички жазылуусун MIR жазылуусуна алмаштыруунун кажети жок – бул өлкөлөрдүн аймактарында роуминг автоматтык түрдө кошулат.

Аталган өлкөлөрдө MegaCom компаниясынын ромерлери үн билдирүүлөрүнөн тышкары бардык жергиликтүү жана кыргыз операторлору, ошондой эле компаниянын дүйнө жүзү боюнча орун алышкан роуминг-өнөктөштөрү менен эки тараптуу SMS-алмашууларды да жүзөгө ашыра алышат.

MegaCom компаниясы автоматтык түрдө кошулган роуминг абоненттер тарабынан эң жакшы бааланат деген ишеничте. Жакынкы убакытта ушундай эле келишимдер Латвия, Литва, Беларусь, Украина, Армения, Азербайджан, Өзбекстан жана Тажикистан менен да түзүлмөкчү.

MegaCom: өз келечегиңди танда!

Сунушталган кызматтар

  • VoLTE

    кызматы

  • "Телефон кайда?"

    кызматы

  • «Номурду аныктабоо +»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?»

    кызматы