Перейти на новый сайт
Жароокерлик нуру сага төгүлүүдө…

 

Жароокерлик нуру сага төгүлүүдө…


MegaCom компаниясынын кызматкерлери Орловка айылында жайгашкан, өздөрү шефтикке алган «Нурмээайса» балдар үйүндө болуп кайтышты.

Кыш ызгаарынын алдында компаниянын кызматкерлери бөбөктөргө көптөгөн тамак-аш азыктарын жеткирип беришти. «Кышка кам көрүүдөгү тамак-аш түрүндөгү белек бөбөктөр үчүн кадимки күз майрамына арналды, – дейт борбордун директору, – таруу, ун, кум шекер сахар, май, кышка даярдык үчүн ар кандай жемиштер – мына ушулардын бары биздин балдар үчүн эң керектүү заттар. Кышкысын азык-түлүк кымбаттайт, ал эми дал ушул мезгилде өсүп жаткан жаш организм жакшы тамактанууну талап кылат эмеспи».

MegaCom компаниясы менен «Нурмээайса» балдар үйүнүн ортосундагы достук мамиленин калыптанганына үч жылдан ашты, ушул убакыт аралыгында компания борбордун бөбөктөрүн колдоого алып келет. «Жароокерлик нуру сага төгүлүүдө» – деп которулат борбордун аталышы. Анын өзгөчөлүгү, бул жердеги балдар кадимки чоң үй-бүлөдө тарбияланып жатканы. Ал эми компаниянын колдоосунан улам борбордун тарбиялануучулары жаркын келечектен үмүт үзүшпөйт!

MegaCom: өз келечегиңди танда!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    eSIM

  • Услуга

    Футбольный портал

  • Услуга

    «Мобильный перевод»

  • Услуга

    «Постоплатный роуминг»