Перейти на новый сайт

MegaCom: Багынтуулар улантылууда…

 


MegaCom: Багынтуулар улантылууда…


Кумтөр, Суусамыр, Арсланбоб, Алай районунун Кашка-Суусу, Ленин чокусунун туристтик аймагы жана мурда MegaCom түйүнү болбогон Кыргызстандын дагы 25 калктуу пункту эми байланышта. Акыркы үч ай аралыгында компания базалык станциялардын санын 96 бирдикке көбөйтүп, аны менен өзүнүн түйүнүнүн камтуу аймагын кеңейткен.

Техникалык жактан жаңыртуулар 70 шаар жана айылдарды кошкондо, Кыргызстандын бардык региондорунда жүргүзүлдү. Учурда компаниянын арсеналында 697 базалык станция иш алып барууда, алар өлкөнүн 90 пайыз жашоочусун уюлдук байланыш менен камсыз кылышууда.

MegaCom түйүнүн Чоң-Алай жана Чаткал райондорунда иштетүү республиканы техникалык жактан жабдуунун жеткен чеги болуу аркылуу компания өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда иштеп турууда деп айтууга болот.

Аймактык жабдуу MegaCom компаниясынын ишинин стратегиялык багыты болуп саналат. Жылдын акырына чейин жыйырмадан ашык базалык станция ишке кошумча киргизилмекчи, алар Кыргызстандын айрым калктуу пункттарын гана эмес, ири туристтик райондорду, маанилүү магистралдарды, ашууларды да байланыш менен камсыз кылмакчы.

В келерки жылы компания техникалык жактан жабдуу, байланыш, тейлөө сапаты жана ар түрдүү тарифтер боюнча лидердик ишин улантмакчы.

Түйүндү кеңейтүү менен катар эле өлкөдө тейлөө борборлору ачылууда, аларда компаниянын абоненттери төлөмдөрдү жүзөгө ашырып, кесипкөй консультацияларды алып, келип чыккан кандай болбосун маселени чече алышмакчы.

MegaCom: өз келечегиңди танда!

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдик которуу»

    кызматы

  • «MEGAга жеңил кадам»

    кызматы

  • Астрология

    кызматы

  • Ишенимдүү төлөм

    кызматы