Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясы Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин сыйлыгына ээ болду

 


MegaCom компаниясы Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин сыйлыгына ээ болду


Туризм боюнча мамлекеттик агенттик «Кыргызстан – туризмдин өлкөсү» улуттук сынагынын «2009-жылдын мыкты уюлдук оператору» номинациясында жеңишке жетишкендиги үчүн MegaCom компаниясына «Айгүл» коло айкелди (статуетканы) тапшырды.

Улуттук сынактын жыйынтыгы атайы уюштурулган көркөм концерттик программанын коштоосунда сентябрь айынын акырында Филармониянын чоң залында чыгарылган. Туризм боюнча мамлекеттик агенттик үч жылдан бери республикада туризмдин өнүгүшүнө олуттуу салымын кошкон мамлекеттик жана коммерциялык уюмдарды аныктап келүүдө.

Бул жерде, эгерде өткөн жылдары айкел жети номинацияда тапшырылып келинген болсо, бул жылы он бир номинацияда тапшырылгандыгын белгилей кетүү зарыл. Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Турусбек Мамашовдун айтымында колуна чанда кездешкен гүлдү кармап турган селкинин образы өлкөнүн туристтик жигерин кыйла эле ачып көрсөтөт. Айгүл гүлү Баткен областында гана гүл ачат, мына ошол гүлдү өз көзү менен көрүп кетүү үчүн Кыргызстанга келген туристтердин саны жыл санап өсүүдө - деп белгиледи Мамашев.

Туристтик кызматтарды көрсөткөн компаниялардын жана ал компаниялардын кызматтарынан пайдалануучулардын санынын өсүшүнө байланыштуу Туризм боюнча мамлекеттик агенттик келерки жылы сынактын номинацияларынын санын да көбөйтүүнү пландаштырууда. Алсак, 2009-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанга болжол менен миллионго жакын турист келип-кеткен, бул көрсөткүч өткөн жылдагыга салыштырганда 200 миң адамга көп.

MegaCom: өз келечегиңди танда!

Сунушталган кызматтар

  • Номурду аныктагыч

    кызматы

  • Автомаалымдоо

    кызматы

  • «Сиздин төлөм»

    кызматы

  • «Онлайн роуминг» топтомдору

    кызматы