Перейти на новый сайт
Байланыш кызматы үчүн чыгымдар сенин көзөмөлүңдө!

 


Байланыш кызматы үчүн чыгымдар сенин көзөмөлүңдө!


MegaCom компаниясынын абоненттери үчүн «Эскертүү чеги» жаңы кызматы ачылды. Бул кызмат менен байланышүчүн болгон чыгымдарыңызды көзөмөлдөө оңой болот.

MegaCom компаниясы үчүн абоненттердин ишеними негизги баалуулуктардын бири. Ошондуктан уюлдук оператор байланыш чыгымдарын билип турууну гана эмес, чыгымдарды көзөмөлдөп жана «Эскертүү чеги» колдонууну сунуш кылат.

«Эскертүү чеги» кызматы бул кезге чейин кызмат кылып келген «Ачык эсеп» кызматына жакшы кошумча. «Ачык эсеп» кызматы менен өткөн ай үчүн (*080#) жана өтүп жаткан ай үчүн (*081#) кеткен чалуулардын, SMS билдирүүлөрдүн, роуминг кызматынын жана интернет чыгымдарын билүүгө болот.

«Эскертүү чеги» жөнөкөй гана буйруктун жардамы менен чыгымдарга чек коюучу кызматын орнотууга болот. Сиз чыгымдарга чек койгон суммадан чыгымдарыңыз ашып баратса, сиздин уюлдук телефонуңузга эскертүүчү SMS билдирүү келип түшөт. Бул кызмат менен чыгымдарыңызды көзөмөлдөө максатында кайра-кайра чыгымдарыңызды текшере берүүнүн кажети жок болот. Эскертүүчү SMS билдирүү эртеси күнү сиз көрсөткөн сумма сарпталып бүткөндө келип түшөт.

«Эскертүү чеги» кызматын орнотуу үчүн төмөндөгү буйрукту терүү жетиштүү:

*081#9#xxx# чакыруу, ххх*- ордуна сиз чектеген сумма жазылат.

Чектелген сумманы өзгөртүү үчүн буйрукту кайра терүү керек. Бирок сумманы бир күндө үч жолу гана өзгөртүүгө болот.

Бул кызмат тууралуу маалыматты *081#9# буйругунун жардамы менен алса болот. Кызматты *081#0# буйругу менен өчүрүүгө болот.

Кыска буйруктардын жардамы менен төмөнкү маалыматтарды алса болот:

*080#, *081# - чыгымдардын жалпы суммасы

*080#1#, *081#1#- сүйлөшүүлөрдүн жана роуминг кызматынын чыгымдары;

*080#2#, *081#2# - SMS- билдирүүлөрдүн чыгымдары;

*080#3#, *081#3# - интернет кызматынын чыгымдары

Кызмат абоненттик төлөмсүз жана кошулуу бекер көрсөтүлөт.

* Эскертүү босогосунун суммасы каалагандай болушу мүмкүн

«Ачык эсеп» жана «Эскертүү чеги» кызматынан пайдаланып, чыгымдарыңыздарды көзөмөлдөңүздөр!


MegaCom: өз келечегиңди танда!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Астрология

  • Услуга

    «Международный доступ»

  • Услуга

    «Близкий круг»

  • Услуга

    MegaCom Wi-Fi (КГТУ)