Перейти на новый сайт

Жылмайууң менен бөлүш


Жылмайууң менен бөлүш


Все сбывается на свете,
Если очень захотеть.
Можно пальчиком потрогать
Самый краешек мечты,
К ней найти свою дорогу,
Непременно сможешь ты.

Балдар ырынан.

Боом копчыгайынан алыс эмес жерде “Нурмээайса” модалуу үйү жайгашкан. Анын татынакай жана сүйкүмдүү тарбиялануучулары – Орловка айылындагы балдарды убактылуу кабыл алуу борборунда жашашат.

MegaCom уюлдук операторунун кызматкерлеринин ою боюнча актерлор жана клоундар катышкан майрамдар балдарды көп кызыктырбай калды.

- Жаңы доордун балдарын алар жөн эле орүүчү болуп отурган кадимки шоу менен кызыктыруу кыйын. Ошондуктан биз жалаң гана аларды көңүлүн ачпастан, аларды кызыктуу нерселерге үйрөтүү үчүн чыгармачыл адамдарды: граффити, сүрөт тартуу, оригами, кийизден тишүү боюнча адистерин чакырдык. Чыт курсак балдар өзүнүн таланттарын ачып, өз колдору менен искусство чыгармаларын жасашып, ал эми инструкторлор аларга мүмкүнчүлүктөрүн ачып, өркүндөтүүгө жардам беришет, - деп уюлдук компаниясында ойлору менен бөлүштү.

MegaCom таң калыштуу “Нурмээайса” (“Нур мээрими сага айданат”) аталыштагы Орловкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучуларын балдарды чакан өнөрканаларга топтоду. Тарбиячылар ”Б'Aрт-борборунун” өкүлдөрү. Анан кайсы майрам музыкасыз өтчү эле?! Аппаратурасын ала келишкен ди=джейлер активдүү эс алууга кошулуп, майоамды башкы каармандарынын көңүлдөрүн ачып жатышты. Ошентип, баардыгы Ысык-Көлгө кетип бара аткан олдо жайгашкан Калмак-Ашуу деген жерге жөнөп калышты.

Нам солнышко светило,
Нас ветер обвевал,
В пути нескучно было,
И каждый напевал…

Жаратылыш сейил багынын аймагында шаарлыктарга белгисиз параллельдүү дүйнө бар экен. Тоолордун арасында жайгашкан кичинекей айылча, жоогазындар жайнаган талаалар, айдоо жерлери, балдар жана чоңдор келген бул жер цивилизациядан алыс жатат. Мына ушул ажайып жайга “Нурмээайса” балдары, MegaCom кызматкерлери жана инструкторлор сапар тартышты. Баарыбызга белгилүү сүрөт тасмасындагы ырда айтылгандай “Биз баратабыз, алыс жерлерге, айдары кошуналар, бактылуу достор”.

Кырк киши чыгармчыл топторго бөлүнүп, ишке киришишти. Эркек балдар Евгенийге кошулуп дубалга сүрөт тартканы жөнөштү. Граффитинин өзүнчө субмаданияты бар, ошондуктан дубалга сүрөт тартуу (итальян тилинен “граффити” “жазуу” деп которулат) жаштардын арасында өтө популярдуу. Ал эми балдар жаратылышта дубалга сүрөт тартышып, арт-багытын олдоочулары боло түшүштү. Эки саатка жетпей эски сарайдын дуалы зор сүрөткө айлана түштү. Албетте, бул мейманкананын ээсинин уруксатынан кийин гана асалып отурбайбы.

- Биз “4+бир” деп тартууну чечтик. Бул биздин брейк-данс боюнча бий тобубуздун аталышы, биз борборубузда ушундай топту уюштуруп алганбыз, - деп сырын ача баяндады балдардын бири.

Меймандык комплексинин берки четинде, боз үйдүн жанында майда балдар кызыгуу менен сүрөт тартып жатышты. Профессионалдуу сүрөтчүнүн көзөмөлүнүн астында ак кагаздын бети ар түрдүү түстөргө боёло баштады. Кимди бирөө ак мөңгүлүү, булутттарды жыттаган зоолорду тартып жатты. Романтиканы жакшы көргөн кыздардарактардын бутактарын тартып, назик жалбырактуу гүлдөрдү боёп жатышты. Кыргыз табигатын жаратылыш өкүлдөрү кооздоду. Бирок алардын көбү биздин тоолорду жайлабайт экен. Ошондой болсо дагы, жаш баланын кыялында бардыгы боло берет эмеспи!

Ал эми эң чыдамкай кыздар Жылдыз эжейинин жанында отуруп алышып оригами искуссвосунун өнөрлөрүн үйрөнүп жатышты.

- Оригами – Жапонияда жаралган кагаз пластика өнөрү. Узак кылымдар бою ал салт-санаадан баштап искусствого чейинки жолду басып өткөн. Дүйнөдөгү миллиондогон адамдарга кубаныч жана сулуулукту тартуулап келет. Оригами сабактарынын системасы – интеллектуадык жана эстетикалык ой жүгүртө билүү, - деп эсептейт Жылдыз. Сабактын жыйынтыгында – желимсиз, жалаң кагаздан жасалган түстү кутуча, турна жана павлин болду.

Ал эми алардын эле жанында, ар тарапка жип, кийиздин кесиндилери, полиэтилен, анан турмуш-тиричиликете күндү чагылдыруучу катары колдонулуучу, ал эми азыр, бул жерде баш кийин жасоочу материалга айланган бир нерсе ар тарапка учуп жатты. Бул чоңурак кыздар чепкен, баш кийин, юбка жана көйнөктөрдү тигип жатышткандагысы. Модельер жана моделдер иш чаранын аягында жасалма подиумдан чыгармаларын көрсөтүшүп, көрүүчүлөрдүн кол чабууларына ээ болушту.

Эң кичинекейлери пластилинден фигура жасашып, чоподон жасалган буюмдарды боёп жатышты. Жаш сүрөтчү жана скульптарлорго арт=терапиясын өтүүгө Ольга, профессионалдуу сүрөтчү жана психолог жардам берип жатты.

- Арт-терапия – бул сүрөт чыгармачылыгынын жардамы менен дарылоо ыкмасы. Психолог жана психотерапевттердин арсеналында мында ыкма эң жумшак жана ошол эле мезгилде эмоциялык абалды түздөөдө эң терең ыкма болуп эсептелинет. Мисалы, гипермобилдик баланы чыдамкайлыкка үйрөтөт. Мындай жол менен психикалык чыңалууну азайтып, бир нерсеге көңүл коюуга жардам берет. Арт-терапиясы өзүңдүн бактыңды өз колуң менен жасап, чыр-чатактарды сүрөттөп, маанайды бийлесе болот... Ошентип, өзүңдүн потенциалыңды ишке ашырып, натыйжада өзүн гармонияга келе алат, деп профессионалдык сырларын ачып жатты Ольга.

Эки-үч сааттан кийин, боёкко булганган балдар чыгармаларын көргөзмөгө чыгара башташты. Кимдир-бирөө өзүндө пластилинден гүлдесте, ар түрдүү жаныбарларды жасоо талантын ачты десек да болот.

Чынын айтсак, ынтымактуу MegaCom командасынын көзөмөлү астында өткөн бул кумарлуу, шайыр иш чарага аныктама берүү кыйынга турат. Этнотуризм, чыгармачыл кружок жана шайыр кеченин синтези, аралашмасы болду десек болот. Эң негизгиси, катышуучулардыг бардыгы абдан сонун эс алышып кайтышты. Майрамдын аягында бардыгы жагымдуу чарчоо сезиминде болушту. Курсактары тоюп, күнгө күйүп, чуркап ойногон, сүрөт тартып, кийим тигип, чарчаган балдар өзүнүн эски досу, уюлдук компаниясынын кызматкерлерине автобустун терезесинен кол булгалап, Орловканы көздөй...

От улыбки хмурый день светлей,
От улыбки в небе радуга проснется.
Поделись улыбкою своей,
И она к тебе не раз еще вернется, - деп ырдап жөнөп калышты.

Байланыштын уюлдук оператору Балдарды убактылуу кабыл алуу борборунун тарбиялануучулары менен эки жыл мурун таанышып, ошондон бери байма-бай алар менен көрүшүп турушат.

– MegaCom менен балдар үйү эки жылдан бери дос юолуп келе эатышат. Компания үч айда бир жолу азык-түлүк алып келип турат. Бир жыл мурун жылытуу системасын толугу менен оңдоп беришип, көмүр сатып беришти. Компаниянын кызматкерлери балдар үйүнө айма-бай келишип, ар түрдүү иш чараларын уюштуруп кетишет. Бүгүнкү жаратылышка сапарыбыз, мына ошондой иш чаралардын бири, - деп, кубанычы мене бөлүшүп жатты балдар үйүнүн директору Гүлнара Кирибаева. – Биздин балдар айылдан сыртка көп деле чыгышпайт, ошондуктан бүгүнкү саякатыбыз балдар үчүн абдан маанилүү. Мындай окуяларды биз бир нече күн бою эстеп турабыз. Жана балдардын сендеим домом длится не первый год. Компания ежеквартально оказывает финансовую помощь, привозит продукты. В прошлом году благодаря ее поддержке мы провели систему отопления и закупили уголь.Сотрудники периодически приезжают повидать наших деток, устраивают өмүр боюн кала берет.

MegaCom компаниясы иш чараны уштурууда Эльвира Сариева жана Б'Арт борборуна көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирет.

Сунушталган кызматтар

  • Wi-Fi таратуу

    кызматы

  • «Унутулган телефон»

    кызматы

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы

  • «SIM-картаны алмаштыруу жана калыбына келтирүү»

    кызматы