Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясынын техникалык өнүгүү жаңылыктары


MegaCom компаниясынын техникалык өнүгүү жаңылыктары


2009-жылдын башынан тартып MegaCom компаниясы республикабыздын 49 калктуу пунктунда жана 12 шаарында 75 базалык станциясын эксплуатацияга киргизди.

Чүй облусунда борбор калаабыздын «Ала-Тоо аянтынын жанында, «Дордой» жана «Арча-Бешикте», Байтик батыр көчөсүндө жана Дэн Сяопин проспектисинде жана ошондой эле Тунгуч кичирайонунда байланыш объектилерин пландуу иштетүү чаралары жүргүзүлдү. Бишкек шаарыбыздын сыртында да жаңы станциялар иштей баштады: Кара-Балта жана Токмок шаарларында, Дөң-Арык, Новопокровка, Дмитриевка, Романовка жана Красная речка айылдары.

Ош облусунда 19 базалык станция курулду: сегизи – Ош шаарында, булл жерде Бакинская, Привокзальная, Петров, Батыш, «Түштүк-Чыгыш», «Амир-Тимур», Түштүк» кичи районундорунда байланыш сапаты жакшыртылды. Кара-Суу районунун Каратай, Падаван, Жаңы-Турмуш, Каарман, Зарбдор айылдарында түйүн сыйымдуулугу кеңейтилди. Ноокат районунун Жаңы-Ноокат, Куу-Майдан айылдарында, Ноокат шаарында, ошондой эле Өзгөн шаарында жана Араван районунун Араван айылдарында да станциялар орнотулду.

Жалалабат облусунда байланыштын 28 объектиси ишке киргизилди: Жалалабат, Майуу-Суу жана Кербен шаарларында, Базар-Коргон районунун Кызыл-Ай, Базар-Коргон, Кызыл-Байрак, Бешик-Жон жана Акман айылдарында; Сузак районунун Ладанкара, Таш-Булак, Таран-Базар жанаь Жалгыз-Жаңгак айылдарында, Ала-Бука районунун Кызыл-Ата, Орүктү, Байстан, Актам, Достук, Ак-Коргон айылдарында; Ноокен районунун Таштак, Момбеково, Сакалды жана Бүргөндү айылдарында, ошондой эле Кочкор-Ата жана Шамалды-Сай шаарчаларында; Аксы районунун Мүкүр жана Жерге-Тал айылдарында.

Ысык-Көл облусу жаңы 10 станция менен толукталды: Иссык-Кульская область пополнилась 10 станциями сотовой связи: Чолпон-Атадагы «Көгүлтүр Ысык-Көл» пансионатында радиосигналдарды кабыл алуу мурункудан да жакшыртылды, ал эми Каракол шаарынын жана Талды-Суу, Ысык-Көл, Тегизчил, Бөрү-Баш, Чырак айылдарынын тургундары сапаттуу уюлдук байланыштан пайдалана алышат. Станциялар ошондой жле Боом капчыгайында, Көк-Мойнок жана Кызыл Октябрь айылдарында да орнотулду.

Техникалык иштердин натыйжасында Талас облусунун Көкөй, Кең-Аарал жана Боо-Терек; Нарын облусунун Жаңы-Арык айылында; Баткен облусунун Ак-Татыр айылында түйүндүн сыйымдуулугу кеңейди.

Ошентип, бүгүнкү күндө MegaCom түйүнүнүн абоненттерин бүткүл Кыргызстан боюнча орнотулган 547 базалык станция тейлеп турат.


MegaCom: өз келечегиңди танда!

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдик айлык акы»

    кызматы

  • «Телефон чал!»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?»

    кызматы

  • MEGOGO

    кызматы