MegaCom абоненттери үчүн түнкү сүйлөшүүлөр узарды
1-апрелден баштап «Түнкү сүйлөшүүлөр+2» тарифтик опциясын коштуруп түнү боюн мүнөтүнө 20 гана тыйын төлөп сүйлөшө бер.
Өзүнүн
кардарлары менен иштөөдө MegaCom компаниясы кам көрүү жана чынчылдык
принциптерине таянып, сервистерин өркүндөтүү үстүндө дайыма иштеп келет.
1-апрелден баштап абоненттерге түнкүсүн телефон менен сүйлөшүүгө кеткен
чыгымдарды оптималдаштырууга жардам берүүчү «Түнкү сүйлөшүүлөр+2» деген жаңы
тарифтик опциясын киргизүүдө. «Түнкү сүйлөшүүлөр+2» кызматы MegaCom түйүнүнүн
башка кызматтары сыяктуу эле ачык тарифтөөгө ээ, анын жардамы менен абоненттер
уюлдук байланышка кеткен чыгымдарын оңой эле эсептей алат.
«Түнкү сүйлөшүүлөр+2» тарифтик опциясы – булл түйүн ичиндеги түнкү
сүйлөшүүлөрдүн арзандашы – мүнөтүнө 0,20 сом. Ошондой эле түнкүсүн уктабаган MegaCom
абоненттери үчүн жаңы тарифтик опциясы менен түнкү убакыт дагы 2 саатка
узармакчы, себеби кечки саат 11ден эртең мененки саат 7 чейин түнкү
сүйлөшүүлөргө болгон баа абдан ыңгайлуу.
«Түнкү сүйлөшүүлөр+2» тарифтик опциясын активдештирүү үчүн *023#1# чакыруу буйругу иштейт. Активдештирүү басы 20 сом. Күн сайынкы абоненттик төлөм – 2 сом.
Тарифтик опция тууралуу толук маалымат бул жерде
MegaCom: өз келечегиңди танда!