Перейти на новый сайт

«Кыргызстандагы дүйнө алтыны». Зергер искусствосу. Объектилер. Каллиграфия. Свитоктор.


«Кыргызстандагы дүйнө алтыны». Зергер искусствосу. Объектилер. Каллиграфия. Свитоктор.


Г. Айтиев атындагы кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинде «Кыргызстандагы дүйнө алтыны. Заманбап жибек жолунун кенчи» эларалык көркөм көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөнүн демөөрчүлөрүнүн бири болуп MegaCom компаниясы чыкты.

Кыргызстандын маданий жашоосунда бул көргөзмө баарына белгилүү иш чаралардын бирине айлана түштү. Ага Австрия, Германия, Греция, Иран, Испания, Корея, Казахстан, Кыргызстан, АКШ, Тажикистан, Франция, Өзбекистан жана Жапонинянын көрүнүктүү сүрөтчүлөрү катышып жатышат.

«Кыргызстандагы дүйнө алтыны» - Чыгыштын жана Батыштын маданияттарынын диалогу чагылдырылган. Бул КРнын эмгекке сиңирген ишмери, эларалык конкурстарынын лауреаты, биздин замандашыбыз, алдыңкы зергер-сүрөтчүбүз Виктор Сытневдин демөөрчүлүгү менен 1998-жылы болуп өткөн «Батыш-Чыгыш диалогу. Улуу Жибек жолу» маданий-көргөзмөсүнүн бет ачарынан башталып, Жибек жолун ураан катары алып жүргөн дүйнөнүн усталарынын диалогу. Ошондон бери бул долбоор Түркия, Германия, Россия жана АКШнын ири музейлеринде болуп өтүп, дүйнөнүн 20дан ашуун өлкөсүн кыдырып чыккан. Көргөзмөгө ойлоп табуу жана зергер искусствосунун алдыңкы сүрөтчүлөрү катышкан.

Көргөзмөнү көрүп чыккандар абройлуу сүрөтчүлөрдүн чыгармаларына суктанып, чыныгы канааттануу алып жатышты. Журналистердин айтуусуна караганда, көргөзмөгө коюлган таң калыштуу түзүлүштөгү шакектер, оор билериктер, сөйкөлөр айымдарды гана таң калтырбастан, эркектерди да кызыктырып жатты.

“Кыргызстандагы дүйнө алтыны” көргөзмөсүнө коюлган зергерлердин эмгектери аркылуу искусство дүйнөсүнө көз салгыңыз келсе, Г. Айтиев атындагы сүрөт искусствосу музейине кош келиңиздер. Көргөзмө 26-апрелге чейин уланат.

Иш-чара болуп өткөн жерден фоторепортаж


MegaCom: өз келечегиңди танда!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Планер

  • Услуга

    «Запрет звонков и SMS»

  • Услуга

    «Звонок за счёт друга»

  • Услуга

    «MegaMusic»

    icon