Перейти на новый сайт

MegaCom брендиндеги телефон


MegaCom брендиндеги телефон


MegaCom компаниясы өзүнүн брендиндеги телефонду сата баштады.

13-марттан баштап MegaCom компаниясынын дилердик түйүндөрүндө GSM стандартындагы ZTE A36 телефонун сатып алса болот. Аппарат MegaCom түйүнүнүн SIM-картасы менен гана иштейт.

ZTE A36 республикабыздын рыногунда уникалдуу өзгөчөлүккө ээ - MegaCom компаниясы атайын ушул телефон үчүн кыргыз тилиндеги менюну иштеп чыккан.

Уюлдук оператору телефондун иштешине 12 айга кепилдик берет. Азыр тейлөөгө кепилдик көп берилбейт, ошондуктан ZTE A36 телефонуна бир жылдык кепилдик – жогорку сапаттагы телефондун кошумча өзгөчөлүктөрүнүн бири десек болот.

Абоненттерибизди ZTE A36 телефонунун баасы да кубандырат – сатуу түйүндөрүнүн бардыгында 1700 сомдон сатылат!

ZTE A36 телефонунун корпусу кара пластиктен жасалып, манжалардын издерин калтырбайт. Экран STN технологиясы боюнча жасалып 65000 түстү көрсөтөт.

ZTE A36 телефон менен көп сүйлөшкөн адамдар үчүн кызыктуу болот, себеби анда фото жана видео камера, bluetooth жана башка заманбап технологиялар орнотулган эмес.

Бул телефонду “офистик” деп же балдарыңызга сатып берсеңиз болот, ошондой эле экинчи телефон катары алып жүрсө да болот. Аппарат жеңил жана пайдаланууда ыңгайлуу, татынакай дизайнда жасалып, көпкө чейин иштеп берчү батареясы бар.

ZTE A36 телефонунун коопсуздук тууралоолору жөнүндө өзгөчө айта кетиш керек – анын жардамы менен белгилүү бир номерге тыую салып же чалууга уруксат берип койсо болот. Эларалык номерлерди өчүрүп же А, В, С номерлеринен кирген чалууларга гана уруксат берип койсо, кирген жана чыккан чалууларга чек койсоңуз да болот. Өзгөчө эгер сиз мындай телефонду офиске же балаңызга сатып берип жатсаңыз бул албетте керектүү опциялар.

ZTE A36 телефонун MegaCom тейлөө борборлорунан, фирмалык салондордон жана дилердик түйүндөрдөн сураңыздар.


MegaCom: өз келечегиңди танда!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «4G USB модем MegaCom»

  • Услуга

    «Мобильная зарплата»

  • Услуга

    «Прозрачный счёт. Порог предупреждения»

  • Услуга

    NITRO