Перейти на новый сайт

mC² жана MegaCom компаниясы тартуулайт…

mC² жана MegaCom компаниясы тартуулайт…


mC² креативдик агенттиги KG Club-дын элиттик клубдук кечелер сезону начат! Бет ачар кече 2009-жылдын 6-мартында, Platinum түнкү клубунда MegaCom компаниясынын колдоосу менен өтмөкчү.

KG Club-дын катышуучулары жергиликтүү калк арасында жана КМШ өлкөлөрүндө өтө эле атактуу. Алар көптөгөн көңүл ачуучу, юмордук телеберүүлөрүнө катышып жүрүшөт. Буга чейин «Бойцовский Клуб Киев», Comedy Club, Yellow Black&White Show долбоорлоруна катышып, Москвада 2008- жылы өткөн СТС каналынын «Лига нации» долбоорунун жеңүүчүлөрү болуп чыгышты. Клубдун катышуучулары жараткан образдар Борбордук Азия жана Москванын жашоочуларына белгилүү – мисалы мьсе Бакыт жана анын атактуу «Э, Санжар!» деген сөзү бар эмеспи.

Ал эми азыр көрүүчүлөрдүн сынагына сунушталып жаткан шоу юмордун жаңы жагын ачып, интеллектуалдык деңгээлдеги тамашалар сунушталып, заманбап көрүүчүлөргө арналгандыгы менен өзгөчөлөнүп турат. Катышуучулар көрүүчүлөргө стенд-ап шоу режиминде юмордук оюндарды, скетчтерди жана пантомиманы сунушташат. Элиттүү кечелердин сезону жайга чейин уланат, бардыгы болуп 6 кече өткөрүлмөкчү.


Теперь KG Club Бишкекти «жаңыртууга» даяр – болуп көрбөгөндөй күлкүмүштүү тамашаларга даяр болгула!

Стол заказ кылуу үчүн 0312 90 26 15, 0555 945905 телефондору боюнча кайрылсаңыздар болот. ММК өкүлдөрүнө кирүү бекер жана толук маалымат берилет, иш-чараны уюштуруучуларына жана катышуучуларга аккредитация берилгенден кийин киргизилет. Аккридетацияны Разаков к., 33/2, №3 бөлмө дареги боюнча жайгашкан MegaCom компаниясынын офисинен берилет. ММК үчүн байланыш телефону: – 0555 50 50 04.


MegaCom: өз келечегиңди танда!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    VoLTE

  • Услуга

    Киоск

  • Услуга

    eSIM

  • Услуга

    MegaCom Wi-Fi (КГТУ)