Перейти на новый сайт
Эларалык SMS-алмашуу – кеңейүүгө багыт алуу!


Эларалык SMS-алмашуу – кеңейүүгө багыт алуу!


24-февралдан баштап MegaCom компаниясы эларалык SMS-аламшуунун операторлорунун тизмесин кеңейтип жаңы тарифтөө системасын киргизүүдө.

Өзүнүн абоненттери менен дайыма тыкыс байланышта жүрүп MegaCom компаниясы кардарлар тарабынан түшүп туруучу каалоо-тилектерди дайыма эс тутумунда алып жүрөт, бул болсо өз кезегинде мобилдик байланышты мындан да сапатуу жана эффективдүү кылганга жардам берет. Абоненттерибиздин көптөн-көп өтүнүчү менен жаңы жылда SMS-билдирүүлөрүн жөнөтүүнүн аймагын бир топ кеңйттик. Ушул багытта иштөөбүздүн натыйжасында биздин абоненттерибиз дүйнөнүн 77 өлкөсүнүн 131 уюлдук операторлору менен SMS билдирүүлөрүн жөнөтүү жөнгө салынды. Натыйжада абоненттерибиз жалаң гана GSM стандартындагы түйүндөргө билдирүү жөнөтпөстөн CDMA стандартын колдогон операторлоруна да билдирүү жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн алышты.

Мында тышкары, абоненттерибизге ыңгайлуу болушу үчүн тарифтөө системасы дагы жакшыртылды. Мындан ары бир географиялык аймакка бириккен өлкөлөргө билдирүүлөр бирдиктүү баада эсептелинет. Түштүк жана Түндүк Америка, Африка, Австралия жана Океанияга жөнөтүлгөн SMS-дин баасы арзандатылды. КМШ, Европа жана Азияга жөнөтүлгөн билдирүүлөрдүн баасы кымбаттады.

Бүгүнкү күндө MegaCom кардарлары дүйнөнүн 251 өлкөсүнүн 445 уюлдук операторлоруна билдирүү жөнөтө алышат. Өлкөлөрдүн саны дагы толукталып турмакчы жана MegaCom булл тууралуу сөзсүз түрдө кабарлайт.

Эларалык SMS-алмашуунун тарифтик тизмеси тууралуу маалыматтарды бул жерден окусаңыздар болот.

Сунушталган кызматтар

  • «Телефон чал!»

    кызматы

  • «Видеочалуу»

    кызматы

  • «Үн почтасы»

    кызматы

  • «IVR витрина»

    кызматы

    icon