Перейти на новый сайт

Мобилдик которуу


Мобилдик которуу

15-январдан баштап MegaCom абоненттери “Мобилдик которуу” деген жаңы кызматынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө жол ачылды, бул кызматтын жардамы менен сиз каалаган учурда жана каалаган жерден жакын адамдарыңыздын жана жоро-жолдошторуңуздун мобилдик эсебине акча сала аласыз.

Мындан ары MegaCom түйүнүн абоненти болгон досуңуздун балансын толуктоо үчүн алдын ала төлөө картасын сатып алуунун же дилердик түйүндөрдү издөөнүн кажети жок болуп калды.

«Мобилдик которуу» кызматы башка абоненттин эсебин өзүңүздүн эсебиңизден керектүү сумманы көз ачып жумгуча толуктап берүүгө жардам берет. Ал үчүн төмөнкүдөй форматтагы USSD-буйрукту терүү гана жетиштүү *550#1#055Ххххххх#которуунун суммасы#чакыруу. Каражат ийгиликтүү которулгандан кийин абонент тийешелүү SMS-маалымдоо алат.

Башка абонентти сиздин эсебиңизди толуктап берүүнү сурангыңыз келсе, “Менин эсебимди толукта” сурамы иштейт. Ал үчүн төмөнкү буйрукту жөнөтүш керек: *550#0#055Ххххххх#чакыруу, бул жерде 055Ххххххх – сиз өтүнүч менен кайрылып жаткан абоненттин номери. Эгер Сизге белгилүү бир суммадагы которуу керек болсо төмөнкүлөрдү териңиз: *550#0#055Ххххххх#толуктоо суммасы#чакыруу. “Менин эсебимди толукта” кызматынан күнүнө 10 жолудан көп эмес пайдаланса болот.

Которуу үчүн которулуп жаткан суммадан 2% өлчөмүндөгү комиссия алынат (комиссияны, өзүнүн эсебинен каражат которуп жаткан абонент төлөйт). Кызматтан MegaCom жеке тарифтик пландарынын бардык абоненттери пайдалана алат, кызматты атайын коштуруунун кажети жок.

Кызмат жөнүндө толук маалымат менен бул жерден тааныша аласыз.


MegaCom: өз келечегиңди танда!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Нумеролог

  • Услуга

    Автооповещение

  • Услуга

    «Интернет роуминг»

  • Услуга

    Кто звонил?