Перейти на новый сайт
Жаңы жылдык керемет


Жаңы жылдык керемет

MegaCom компаниясы Орловкадагы «Нурмээайса» балдар үйүнө белектерге, шайыр сынактарга жана тамашага толгон кезектеги жаңы жылдык майрамын тартуулады.

Сыйкырдуу пери, Белоснежка, Жез кемпир жана Аяз ата, Аяз кыздын катышуусундагы жаңы жылдык жомок Орловкадагы балдар үйүнө мейманга келди. Балакайлардын кубангандыгын айтпа. Ар бир чыт курсак бала жаңы жылдан кереметтүү, сыйкырды күтөт эмеспи, мына ошондуктан MegaCom жаңы жылм менен куттуктап, белектерин ала келди.

MegaCom компаниясы жыл сайын «Нурмээайса» балдар үйүн майрамы менен куттуктап турууну адатка айлантып алган. 2007-жылдын күз айында уюлдук оператору ушул балдар үйүн өз кароосуна алып, жардамын аябай келет. 2008-жылдын жаз айларында балдар үйүнүн жылытуу системасы оңдолуп, кышка даярдалып берилди.

Фоторепортаж

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Mega USSD»

  • Услуга

    MegaTV

  • Услуга

    Информация для абонентов в роуминге

  • Услуга

    4G LTE