Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгын белгилөөнүн алкагында 2024-жылдын 29-августунда белгилүү швед скрипкачысы, биздин мекендешибиз Даниел Лозакович Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында концерт берет.
MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору концерттин расмий демөөрчүсү болуп, шаардын маданий турмушунда чыныгы окуя болуп калууну убада кылган искусство кечесине чакырат.
Даниэль Лозакович – музыканы терең түшүнүү менен эң жогорку чеберчиликтин синоними болуп келген ысым. Чыгармачылык жолун кичине кезинен баштап, өзүнүн техникасы, музыка сезими жана аткаруунун эмоционалдык тереңдиги менен дүйнөлүк аренада тез эле таанылган. Бүгүнкү күндө ири оркестрлер жана дирижёрлор Лозакович менен кызматташат. Анын үн, техникалык мыктылыгы жана харизмасы дүйнө жүзү боюнча угуучуларды кубандырат.
23 жаштагы кыргыз теги бар скрипкачы Даниел Лозакович эки чыгарманы: Моцарттын үчүнчү концертин жана Ян Сибелиустун чоң концертин аткарат. Аны бала кезинде окуткан Михаил Казиник да коштоп келет.
Казиник, миллиондон ашык нускада жарык көргөн музыка жөнүндөгү китептердин, ошондой эле жүздөгөн телерадио берүүлөрдүн автору. Ал кыргыз музыка сүйүүчүлөрүн улуу композиторлордун таң калыштуу сырлары менен тааныштырат.
Ошондой эле, концерт дээрлик 300 жыл болгон Страдивари скрипкасынын үнүнөн ырахат алып, музыка менен искусствону кабыл алуунун жаңы чен-өлчөмдөрүн ача турган терең маданий ой жүгүртүүлөр дүйнөсүнө сүңгүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.
Бул концерт бийик искусствону баалап, жаңы маданий ачылыштарга умтулган ар бир адам үчүн чоң мүмкүнчүлүк болот.
Уникалдуу иш-чаранын катышуучусу болуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз, анткени мындай көз ирмемдер сиздин эсиңизде көпкө сакталат!