Перейти на новый сайт

«5 жуманын ичинде 5 миллион» лотереясынын алкагында экинчи жеңүүчү аныкталды


«5 жуманын ичинде 5 миллион» лотереясынын алкагында экинчи жеңүүчү аныкталды


Үмүт, чыдамсыздык, кызыгуу – барабан айланган сайын «5 жуманын ичинде 5 миллион» SMS-лотереясына келген MegaCom абоненттерин мына ушундай сезимдер коштоп жаты.

Ойнотуу, адат болуп калгандай эле, дүйшөмбү күнү Вефа сода борборундагы абоненттерди тейлөө борборунда болуп өттү. Ойнотууга катышу үчүн жеке тарифтик пландарынын абоненттери 17нөн 23-ноябрга чейин 0555 кыска номерине SMS жөнөтүштү. Ар бир билдирүүгө уникалдуу катар номери ыйгарылып, ал барабанга лотереялык билет катары салынды. Бактылуу билетти төрт жаштагы кичинекей Мухамед сууруп чыгып, жеңүүчү Ирина Подлужная болуп чыкты.

Тейлөө борборуна келип, тийешелүү сертификатын алып жатып Ирина Георгиевна анын телефонунан кызы болгону бир гана SMS жөнөтүп, бүт үйбүлөсүн бакытка бөлөгөнүн баяндап берди. Коммерциялык директордун орун басары Жылдыз Караталова Иринага миллион сомду колуна карматкандан кийин гана ал мунун бардыгы түш эмес эле чындап болуп жатканына ынанды. “MegaCom компаниясына чоң рахмат, бул компаниянынын акцияларынан эл чындап эле утуп алышат”, - деп журналистерди ишендирди бактылуу Ирина.

SMS-лотереянын экинчи этабы аяктады. Алдыда дагы 3 жума жана 3 миллион сом өзүнүн ээлерин күтүп турат. Лотереянын шарттары менен бул жерден таанышсаңыздар болот.


Сен «555 Командасын» тандадың – Сен келечегиңди тандадың!

Сунушталган кызматтар

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы

  • «MegaCom 4G USB модеми»

    кызматы

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы

  • «Сенин номуруң» жана «Номурду брондоо»

    кызматы