Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясы 555 555-абонентти кошту

 

MegaCom компаниясы 555 555-абонентти кошту

Ийгиликтин кайда, качан күтүп турганын билсек, жагымдуу сюрприз алуу мынчалык кубанычтуу болбосо керек. Бишкек тургуну Гүлбара Орозова да ушундай күтүүсүз жаңылыкка туш болду. Белгилүү MegaCom уюлдук түйүнүнүн 555 555-абоненти болуу – чынында эле күтүүсүз нерсе эле. Албетте, компания өзүнүн өзгөчө кардарын белексиз калтыра албады. Гүлбара Жалаловнаны чексиз бакытка бөлөп, MegaCom үй кинотеатры менен плазмалык телевизор белекке берди.

Гүлбара Жалаловна - Кыргызстан Улуттук Илимдер Академиясынын илимий кызматкери, 2004-жылдын илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, филология илимдеринин кандидаты, үч баланын мээрман энеси.

Баса, Гүлбара Жалаловна «СӨЗ» тарифтик планын тандаган экен. Анын сөзү боюнча аталган тариф Кыргызстандагы башка уюлдук операторлордун номурларына жана ошондой эле дүйнө өлкөлөрүнө чалуу акысынын пайдалуулугу менен өзүнө тарткан. Белгилүү болгондой, «СӨЗ» тарифтик планынын символу – кыргыз элинин улуттук аспабы темир комуз. Андыктан, баш байге менен бирге Гүлбара Орозова сувенир катары темир комузга да ээ болду.

MegaCom: өз келечегиңди танда!

Сунушталган кызматтар

  • «Телефон чал!»

    кызматы

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы

  • «Туулган күнгө белек»

    кызматы

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы