Перейти на новый сайт

Уюлдук байланыш кызматын көрсөтүүдө өзгөрүүлөр

 

Уюлдук байланыш кызматын көрсөтүүдө өзгөрүүлөр

MegaCom компаниясы кызмат көрсөтүү төлөмү АКШ долларынан толугу менен улуттук валютага өткөндүгүгнөн улам уюлдук байланыш кызматын көрсөтүү шартына өзгөртүүлөр киргендиги тууралуу кабарлайт.

MegaCom компаниясы кызмат көрсөтүү тарификациясын АКШ долларынан кыргаз сомуна өткөрүү боюнча ишин аяктады. Ушуга байланыштуу уюлдук байланыш кызматын көрөтүү шартынын 4.7 пунктуна (уюлдук байланыш кызматын көрсөтүү Келишиминин №1 жобосу) тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилет. 2008-жылдын 15-февралынан баштап 4.7 пункту төмөнкүдөй чечмеленет: Компаниянын кызмат тарифтери Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында болот. Оператор менен абонент ортосундагы эсеп-кысап Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүрөт.

Өзгөрүүлөрдү MegаCom компаниясынын коммерциялык директору Александр Ходырев төмөнкүдөй чечмеледи:

- 2007-жылдын декабрь айынан баштап MegаCom компаниясынын бардык кызматы, убада кылынгандай, сом менен жүрөт. Биздин абоенттер үчүн бул кубанычтуу кабар, анткени, Кыргызстандын улуттук валютасына өтүү MegаCom уюлдук байланышын пайдалангандар үчүн кызмат тарификациянын ыңгайлуу, эң башкысы тунук болушун шарттайт. Буга чейин уюлдук байланышка сарптаган долларды сом түрүндө алган киреше менен айкалыштыруу бир кыйла оор эле. Андыктан компания дарегине сом тарификациясына өтүү туурасында көптөгөн өтүнүчтөр келчү. Кардарлардын пикири, ой-максаты дайым компаниянын көңүл чордонунда болгондуктан, бардык кызмат түрүн республиканын жашоочуларына көнүмүш болгон валюта – кыргыз сомуна өтүүнү туура көрдүк.

Тарификация системасынын сомго өтүшү MegаCom түйүнү камтыган бардык аймакта жүрдү. Мунун ичинде роуминг кызматы да бар. Сомго өткөндөн кийин уюлдук оператор кызматы мурдагыдай эле КНС жана ЧСС салыктарын камтыйт. Бул өз кезегинде абоненттердин эсеп тарификациясы тууралуу так маалымат алуусуна мүмүкнүчүлүк берет.

MegаCom: өз келечегиңди танда!

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Настроение»

    icon
  • Услуга

    «Спортивный портал»

  • Услуга

    «Пауза»

  • Услуга

    «Постоплатный роуминг»