Он сандуу номерди терүүгө өтүү аяктады
Компания MegaCom компаниясы он сандуу номерди терүүгө өтүү аяктагандыгы жөнүндө билдирет.
MegaCom түйүнүнүн ичинде 25-февралдын баштап телефон чалууда жана SMS-билдирүүлөрүн жөнөтүүдө сөзсүз түрдө он сандуу номер терилиши керек. Алты сандуу номерди терип, телефон чалууда, чалып жаткан абоненттин номерин терүүдөн мурун түйүндүн 0 555 кодун терүүнү эскертип туруучу автомаалыматчы иштетилет.
Он сандуу нумерациянын киргизилиши түйүндүн номерлик сыйымдуулугун кеңейтип, келечекте 0 555 кодунан тышкары MegaCom компаниясынын артынан бекитилген башка коддорду да пайдаланууга кеңири мүмкүнчүлүктөрүн берет.
MegaCom: өз келечегиңди танда!