Перейти на новый сайт
Эсибизде жана сыймыктанабыз! MEGA ардагерлерди Жеңиш Күнү менен куттуктады

Эсибизде жана сыймыктанабыз! MEGA ардагерлерди Жеңиш Күнү менен куттуктады

MEGA компаниясы Улуу Ата мекендик согуштан майып болгондорду жана ардагерлерди, тылдын эмгекчилерин, концлагерлердин туткундарын жана Ленинград блокадасын башынан кечирген кыргызстандыктарды 9-май Жеңиш Күнү менен куттуктады. Мындай жөрөлгө компанияда17 жылдан бери ишке ашырылып келет.

Мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун өкүлдөрү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алышты.

Жеңиштин 78-жылдыгына карата MEGA компаниясынын атынан ардагерлерге таттуу белектер, гүлдестелер тартууланып, материалдык жактан жардамдар көрсөтүлдү. Тактап айтканда, MEGA’нын топ-менеджерлери ардагерлер Николай Мироненко жана Туркенакун Бейшембаевди куттуктап, алардын 1941-1945-жылдардагы согуш учурундагы эрдиктери, чыдамкайлуулугу жана тайбастыктары үчүн таазим этишти.

Мекенди коргогон ардагерлерибиз өз өмүрлөрү менен ден соолугун тобокелге салып Жеңишти алып келгендерге көңүл бургандыгы үчүн MEGA’нын өкүлдөрүнө ыраазычылыктарын айтышты.

Кымбаттуу ардагерлер, тайманбас эрдиктериңиздер, мекенге болгон сүйүүңүздөр жана бизге тартуулаган ачык асман үчүн сиздерге терең таазим. Сиздерге чың ден соолук каалайбыз.

Эч ким, эч нерсе унутулбайт!

Сунушталган кызматтар

  • Ишенимдүү төлөм

    кызматы

  • MegaKassa

    кызматы

  • 4G LTE

    кызматы

  • «IVR витрина»

    кызматы

    icon