Перейти на новый сайт
MegaPay тиркемесинде электрондук патент үчүн төлөм жүргүз жана таризде

MegaPay тиркемесинде электрондук патент үчүн төлөм жүргүз жана таризде

Электрондук патенттин баасын эсептөө, тариздөө жана патент үчүн төлөмдү MegaPay тиркемеси аркылуу онлайн аткарууга болот.

Документти тариздөө жана төлөө боюнча бардык операцияларды 24/7 режиминде, кыска мөөнөттүн ичинде эле смартфондон ишке ашыра аласың. Процесс көз ачып-жумганча аткарылат.

Е-патенттин баасын эсептөө, алуу же төлөм жүргүзүү үчүн:

  • MegaPay тиркемесин жүктөп алуу же жаңылоо керек (Google Play жана App Store’дон жүктөөгө жеткиликтүү);
  • «Сервистер» баракчасын ачып, «Электрондук патент» бөлүмүнө өтүү;
  • «Жаңы патент» баскычын тандоо;
  • салык төлөөчү тууралуу маалыматтарды, экономикалык ишмердүүлүктүн түрү жөнүндө жана документтин жарамдуу мөөнөтүн жазуу;
  • «Эсептөө» баскычын басып, патентти тариздөөнү тастыктоо;
  • реквизиттер жана төлөмдүн суммасы сервис тарабынан автоматтык түрдө иштелип чыгат, болгону транзакцияны тастыктоо жетиштүү.

Таризделген патенттерди «Менин патенттерим» бөлүмүнөн карап алса болот. Комиссия – 20 сом.

Маанилүү! Е-патентти Кыргыз Республикасынын салык кызматында ИНН номеринин каттоосу бар жарандар гана ала алышат.

Бизнеске пайда келтирүү менен убактыңды үнөмдө – MegaPay түзгөн санариптик мүмкүнчүлүктөрдү пайдалан!

Сунушталган кызматтар

  • MegaTV

    кызматы

  • «MegaCom 4G Wi-Fi роутери»

    кызматы

  • Астрология

    кызматы

  • Онлайн-кинотеатр START

    кызматы