Перейти на новый сайт
Акылбек Жапаров: MEGA Кыргызстандагы алдыңкы байланыш оператору болушу керек

Акылбек Жапаров: MEGA Кыргызстандагы алдыңкы байланыш оператору болушу керек

1-март, шаршембиде, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш операторунун иши менен таанышты.

Өкүлчүлүк делегациясынын MEGA компаниясына келүүсү Министрлер кабинетинин башчысынынын КРдин Санариптик өнүктүрүү министрлигине жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнө болгон иш сапарынын алкагында ишке ашты. Алар «Түндүк» мамлекеттик мекемеси, «Инфоком» мамлекеттик ишканасы, ошондой эле ачык акционердик коомдор «Дастан» ТУК», «Евразиялык сактык банкы», «Кыргыз Телеком» жана «Альфа Телеком».

Акылбек Жапаров менен катар, иш чарага санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов, КРдин Президенттик администрациясынын профилдик бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана эксперттери, ошондой эле «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жана «Кыргыз Почтасы» ААКтын жетекчилиги да катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Альфа Телеком» ЖАКтын топ-менеджерлери жогорку кызматтагы конокторго MEGA операторунун 2022-жылдагы ишмердүүлү боюнча отчетун жана компаниянын стратегиялык иштерин камтыган 2023-2024-жылдарга карата иш планын тааныштырышты.

План жана отчеттор угулгандан кийин КРдин Министрлер кабинетинин төрагасы «Альфа Телеком» ЖАКтын иш жыйынтыгын жогору баалап, MEGA компаниясы ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана байланыш сапатын жогорулатуу иштерин эми Кыргызстандагы эң алдыңкы негизги оператор болуш үчүн аткарышы керек экендигин белгиледи.

«Бүгүнкү күндө интернет жана байланыш кызматы жарандардын жашоосундагы жана дегеле, өлкөнүн ажырагыс бүтүндүгү болуп калды. Биз туруктуу санариптик экосистеманы курууга жана жашоонун бардык катмарын жаңы технологиялык тартиптерге өткөрүүгө болгон күчүбүздү жумшашыбыз керек. 100% мамлекеттик компания катары «Альфа Телеком» ЖАК өзүн атаандаш иретинде жана күчтүү тарап катары сунуштоосу керек. Ошондой эле, 5G технологиясын киргизүү иштерин дагы күчөтүү керек. Интернет жана байланыш дүйнөдөгү бардык адамдарды байланыштырууга, өлкөлөр ортосундагы байланышты жакшыртууга, кызматтардан пайдалануу жолдорун кеңейтүүгө жана жарандардын маалыматтардан кабардар болуусуна жол ачат. Дал ушул себептерден улам, телекоммуникация тармагын өнүктүрүү замандын эң негизги талабы болуп саналат», – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Жолугушуунун расмий бөлүгү соңуна чыккандан кийин MEGA’нын өкүлдөрү конокторго компаниянын негизги департаменттери боюнча экскурсия уюштуруп, байланыш борбордун ишин, ошондой эле «Альфа Телеком» ЖАК’тын коммерциялык жана техникалык дирекциясын тааныштырышты.

Сунушталган кызматтар

  • «Сени издейм»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?»

    кызматы

  • «MEGAга жеңил кадам»

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү Интернет роуминг»

    кызматы