Перейти на новый сайт

Байланышка короткон чыгымды көзөмөлдөңүз: MEGA24 тиркемесинде толук деталдоого буюртма

Байланышка короткон чыгымды көзөмөлдөңүз: MEGA24 тиркемесинде толук деталдоого буюртма

Абоненттердин ыңгайлуулугу үчүн MEGA компаниясы MEGA24 тиркемесинде байланышка кеткен чыгымдарды оңой көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн ишке ашырды.

Мындан ары кызматтардын деталдоосун билүү үчүн Сатуу жана тейлөө борборлоруна же фирмалык салондорго кайрылууга зарылчылык жок. Чалуулар, SMS жана интернет-трафик үчүн отчёт алуу үчүн аны MEGA24 тиркемесине онлайн буюруу жетиштүү.

Абонент заказ берген учурда өзү көрсөткөн e-mail дарекке байланыштын убактысы жана күнү, телефон номерлер, чалуулулардын канча убакытка созулганы, SMS-каттардын саны, интернет-трафиктин көлөмү жана кызматтардын баасы тууралуу детализация жөнөтүлөт.

Деталдоонун артыкчылыктары:

  • MEGA’нын кеңселерине барбай туруп эле маалыматтарды онлайн алуу ыңгайлуулугу;
  • маалыматты берүүнүн ылдамдыгы;
  • сервис АКЫСЫЗ көрсөтүлөт.

Электрондук дарекке деталдоону жөнөтүү үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу керек:

  • Google Play же App Store’дон MEGA24 тиркемесинин акыркы версиясын орнотуңуз;
  • «Чыгымды көзөмөлдөө» бөлүмүнө өтүп, андан кийин «Детализация буйруу» пунктуна киресиз;
  • деталдоонун керектөө мөөнөтүн тандоо;
  • отчёт жазылган файл жөнөтүлө турган электрондук почтаны жазуу.

Даяр!

MEGA’нын акыркы жаңылыктарынан кабардар болуңуздар! Компаниянын Facebook, Instagram, Twitter жана Telegram’дагы баракчаларына жазылыңыздар.

Сунушталган кызматтар

  • Чалууну күтүү жана кармап туруу

    кызматы

  • «MegaComдон SMS/PUSH-жөнөтмө»

    кызматы

  • «IP Байланыш»

    кызматы

  • Менталдык жардам

    кызматы