Перейти на новый сайт

Күч бирдикте! MEGA компаниясында Эл аралык эне тил күнү белгиленди

Күч бирдикте! MEGA компаниясында Эл аралык эне тил күнү белгиленди

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору социалдык жоопкерчиликтин алкагында, компаниянын башкы кеңсесинде Эне тилдин эл аралык күнүнө карата шаңдуу иш чара уюштурду.

ЮНЕСКО тарабынан демилгеленген 21-февраль күнү бүткүл дүйнө боюнча белгиленүүчү бул майрам Жер планетасында жашаган бардык этностордун көп тилдүүлүгүн даңазалап, заманбап коомдо алардын сакталып калуусун шарттайт.

Иш чарага компанияда эмгектенген этностордун өкүлдөрү катышып, өз эне тилдеринде ырларды айтышты жана кызыктуу программа тартуулашты. Уюлдук оператордун жамааты Кыргызстанды байырлаган көптөгөн улуттардын тилдик жана маданий өзгөчөлүктөрү жөнүндө кызыктуу маалыматтарды алып, билим куржунун толуктай алышты.

Бүгүнкү күндө, MEGA’нын жамаатында ар биринин өз тархы, уникалдуу салт-санаасы бар 15 улуттун өкүлдөрү эмгектенишет. Санай келсек, катарыбызда азербайжандар, башкырлар, дунгандар, казактар, корейлер, кыргыздар, лезгиндер, немистер, орустар, тажиктер, татарлар, түрктөр, өзбектер, уйгурлар жана украиндер.

«Жамаатыбыздын көп улуттуу экендигине сыймыктанабыз жана ар бир элдин маданий үрп-адаттарын жогору баалайбыз, — деп белгилеп өттү «Альфа Телеком» ЖАКтын маалымат кызматынын жетекчиси Жумгалбек Өмүрканов. — Улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматов айткандай, «Элдин улуулугу — анын тили менен маданиятында». Тил жана маданий жагынан бай болуу этникалык коомдун өз ара өнүгүүсүнө шарт түзүп, жүздөгөн этностордун дүйнө таанымын жана кругозорун өнүктүрүүгө жол ачат. Муну менен катар, бардык эле тилдер ар бир элдин руханий жана материалдык байлыгын сактап калууда жана өнүктүрүүдө эң күчтүү курал болуп саналат».

БУУнун маалыматтарына таянсак, дүйнө жүзүндө жети миңдей тил бар. Эне тилдин эл аралык күнүн белгилөө менен, этностордун тилектештигин бекемдеп, өз ара түшүнүшүүнүн, пикир алышуунун натыйжалуулугун арттыра алабыз.

Сунушталган кызматтар

  • «Телефон чал!»

    кызматы

  • Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч

    кызматы

  • VoLTE

    кызматы

  • «Эл аралык байланыш»

    кызматы