MEGA маалымдайт
«Альфа Телеком» ЖАК (соода белгиси MEGA) 28.02.2023-жылдан тартып, «Интернет Стандарт», «Интернет Чектөөсүз», «Бардыгы Чектөөсүз», «Интернет 7 Max» жана «Интернет 7 Чектөөсүз» тарифтерине болгон жылдык акциянын алкагында, MegaTV уюлдук телевидениесин акысыз көрсөтүү кызматы токтотулат.
28-февралдан тартып, белгиленген тарифтердин алкагында, кезектеги абоненттик төлөмдү төлөп, топтомду жаңылоодон кийин MegaTV кызматы автоматтык түрдө өчүрүлөт. Тарифтердин башка шарттары өзгөрүүсүз калтырылат. Өзгөртүүлөр боюнча толугураак маалымат абоненттерге SMS-билдирүү аркылуу жиберилет.
MegaTV уюлдук телевидениесин жогоруда көрсөтүлгөн тарифтерге кошуп алуу өз алдынча катталууда жеткиликтүү болмокчу. Кызмат менен толугураак төмөнкү шилтеме аркылуу кирип таанышыңыздар: https://megatv.kg/.