Перейти на новый сайт

Бөбөктөрдү куттуктап, килограмм эскимо тартуулайт!

 

Бөбөктөрдү куттуктап, килограмм эскимо тартуулайт!

1-июнь – Балдарды коргоо күнү MegaCom компаниясы «Балдардын досу» атуу Сокулук жетимдер үйүнө жана «Нурмээайса» аттуу Орловка балдар үйүнө «Фламинго» сейил багында бөбөктөр үчүн театралдаштырылган көрсөтүү жана пикник уюштуруп берди. Майрамга уюлдук оператору 67 бала чакырды.

Жаш «десант» алгач батут шаарчасына жөнөдү. Бул жерден кичинекей акробаттар секрипи, тоголонуп, абдан ойношту! Аларды көрүп алып, тарбиячылар жа бала чактарын эстеп кетишти окшойт, бөбөктөр менен жарышып секирип жүрүштү.

Ал эми түстүү селкинчектерде улуу-кичүү дебей бардыгы чогу түшүп, кыткылыктап үн сала, бетке урган жел кепкаларын жула качты. Аттракциондорго болгон талондордун бардыгы сарпталгандан кийин, кепка-панамкачан команда парктын борборуна чогулуп, балмуздактын экинчи порциясына киришти.

Ынтымактуу топ жашоо ыракатын улантканы “Сейил” жаратылыш паркына узады. Тоонун таза абасы, көк шибер, булактын мөлтүр суусу – наристелер үчүн артык эмне болсун? MegaCom тез уюштура койгон түштөнүү эмеспи.

Бөбөктөргө күч топтогонго 15 мүнөт эле жетиштүү болду. Баардыгынын көңүлүн алуу үчүн жаш боюнча 2 топко бөлүү туура келди: улуурактарына – эстафета, кокурстар, кичүүлөрүнө - Клоун, Каракчы менен Белоснежканын катышуусундагы театралдаштырылган жомок.

Кирүү акысыз: кааласаңар SMS аркылуу, кааласаңар жөнеле!

Өткөн жекшембиде, 1 июнь күнү “555” командасы Балдарды коргоо күнүнө карата дагы бир акция өткөрдү. Бул жолу SMS аркылуу чакыруу алышкан ата-энелердин балдары үчүн болду. Театралдыштырылган жомокту чакырылга меймандардан сырткары VefA Center де жайгашкан MegaCom тейлөө борборунун жанындагы бардык каалоочулар көралышты.

Таттуу момпосуйлар жана шайыр сынактарга толгон майрамда балдардын көңүлүн Карлсон, клоун Сержик, Кызыл топучан жана Өтүкчөн мышык көтөрүп жатышты.

Майрамдык шоу салт боюнча белек таратуу менен аяктады. Эң шамдагай көрүүчүлөр өз келечегин тандап, келечегине кам көргөндөр үчүн MegaCom компаниясынын логотиби түшүрүлгөн кепкаларды, жумшак оюнчук, топторго ээ болушту.

Андан сырткары, MegaCom дун Бишкек жана Ошшаарларындагы абоненттеринин демилгеси боюнча 28-майдан 6 июнга чейин балдар үйүнө кийим-кече, оюнчук жана китептерди жыйнап берүү өткөрүлдү. Эгерде сиздер 6-июнга чейин жетишпей калсаңар да, буюмдарды каалаганда апкелип тапшырсаңыздар болот. Бардыгы сөзсүз Ош шаарындагы "Боорукердик" жана Орловкадагы "Нурмээайса" балдар үйүнө тапшырылат

Окуя болуп өткөн жерден фоторепортаж

MegaCom: өз келечегиңди танда! 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Команда экстренного оповещения SOS

  • Услуга

    «Где дети?»

  • Услуга

    «Звонок за счёт друга»

  • Услуга

    Раздай Wi-Fi