Перейти на новый сайт

MegaCom маалымдайт

MegaCom маалымдайт

Урматтуу абоненттер! 2022-жылдын 24-октябрында интернет менен камсыздоочу провайдердин магистралдык линиясында орун алган бузулуудан улам өнөктөштөрдүн түйүндөрүндө жана MegaCom’дун айрым абоненттеринде мобилдик интернетти колдонууда кыйынчылыктар орун алды.

«Альфа Телеком» ЖАКтын адистери кыска мөөнөттүн ичинде бузулуунун кесепеттерин жоюп, түйүндүн иштөөсүн калыбына келтиришти.

MegaCom компаниясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге 2 ГБ көлөмүндөгү интернетти АКЫСЫЗ БОНУС катары берет.

Топтомдун иштөө мөөнөтү кошулган күнүнөн тартып 7 күн.

Анын калдыгын *505# буйруусун терип же MEGA24 тиркемесинен текшерсеңиздер болот.

Түшүнүү менен кабыл алгандыгыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз жана биз менен болгонуңуздарга рахмат!

Сунушталган кызматтар

  • «MegaMusic өзү үчүн»

    кызматы

    icon
  • Планер

    кызматы

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы

  • «Учурдагы Баланс» кызматы

    кызматы