MegaCom WhatsApp тиркемеси дүйнө боюнча иштебей жатканын маалымдайт
«Альфа Телеком» ЖАК (соода белгиси MegaCom) WhatsApp месенжеринин иштөөсү дүйнө боюнча үзгүлтүккө учурап жатканын маалымдайт.
Веб-сайттардын жана интернет-сервистердин иштөөсүнө көзөмөл салган Downdetector порталынын маалыматына таянсак, WhatsApp’тын иштөөсүндөгү мүчүлүштүктөр болжол менен саат 12:30дан баштап (жергиликтүү убакыт менен) дүйнө боюнча байкалган.