Перейти на новый сайт

MegaPay жана MegaCom’дун терминалдары аркылуу Баткен элине 3,6 миллион сом топтолду

MegaPay жана MegaCom’дун терминалдары аркылуу Баткен элине 3,6 миллион сом топтолду

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору Баткен облусунун жашоочуларына дайыма колдоо көрсөтүүгө даяр жана жабыркаган мекендештерибиз эртерээк айыгып кетишине тилектеш. Аймакта тез аранын ичинде тынчтык орносун деп тилек кылабыз. Баткен облусунун тургундарына кайдыгер карабай, жардам берген жалпы кыргызстандыктарга ыраазычылык билдиребиз.

16-сентябрда MegaCom компаниясы Баткен облусундагы кагылышууда жаракат алган жана эвакуацияланган мекендештерге жардам берүү максатында акча каражатын топтоону жарыялаган.

Алты күн ичинде, 16-сентябрдан 21-сентябрга чейин миң кайрымдуу, мекенчил жарандарыбыздан MegaCom терминалдары жана MegaPay тиркемеси аркылуу Кыргыз Республикасындагы Кызыл Жарым Ай коомунун атайын эсебине жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик бирдиктүү эсебине 3 610 346 сом чогулду.

Анын ичинде:

  • MegaCom’дун терминалдары аркылуу президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик бирдиктүү эсебине 2 912 180 сом;
  • MegaPay тиркемесинин жардамында президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик бирдиктүү эсебине 45 848 сом;
  • MegaPay аркылуу Кыргыз Республикасындагы Кызыл Жарым Ай коомунун атайын эсебине 652 318 сом чогулду.

Чек ара аймактарындагы кагылышуунун кесепеттери али калыбына келтириле элек, жашоочулары коомчулуктун жардамына муктаж. Эсиңиздерге салсак, ар бириңиздер оор күнгө кабылган мекендештерибизге MegaCom’дун Кыргызстандын бардык аймактарында орнотулган терминалдар аркылуу же MegaPay тиркемесин колдонуу менен жардам бере аласыздар.

MegaPay аркылуу акчаны кантип которуу керек?

  • MegaPay тиркемесин жүктөп же жаңылаңыз (жүктөө үчүн Google Play же App Store'до жеткиликтүү);
  • биринчи ыкмасы: тиркеменин башкы бетинде жайгашкан «Баткеним менин» сервисин тандаңыз (же «Төлөм» бөлүмүнө кирип андан кийин «Кайрымдуулук» баскычын басып «Баткен үчүн каражат чогултуу. Кызыл жарым ай» кызматын тандайсыз);
  • экинчи ыкмасы: же «Төлөм» бөлүмүнө кирип, «Кайрымдуулук» баракчасына өтүп, «Баткен үчүн каражат чогултуу» кызматын тандаңыз (Ыкчам штаб - КРПБЫӨ атайын эсеби);
  • керектүү реквизиттерди жана которо турган каражаттын суммасын жазуу
  • төлөмдү тастыктоо.

Баткенди биргеликте колдойбуз!

Сунушталган кызматтар

  • Футбол порталы

    кызматы

  • «Мобилдик айлык акы»

    кызматы

  • «Тыным»

    кызматы

  • «Спорт порталы»

    кызматы