Перейти на новый сайт
MegaCom Баткен облусундагы абоненттерин АКЫСЫЗ БАЙЛАНЫШ менен камсыздайт

MegaCom Баткен облусундагы абоненттерин АКЫСЫЗ БАЙЛАНЫШ менен камсыздайт

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору кыргыз-тажик чек арасында орун алган абал толугу менен жөнгө салынганга чейин, Баткен облусундагы бардык абоненттерин уюлдук байланыш жана интернет менен акысыз камсыздайт.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы абал курчуп турган маалда, аталган аймактагы мекендештерибиздин үзгүлтүксүз байланышта болуп туруусу жана жакындары менен зарыл болгон учурда тез байланышуусу өтө маанилүү.

Ушуга байланыштуу мобилдик оператордун жетекчилиги тарабынан түйүн ичинде чектөөсүз чалууларды, түйүндөн тышкары 5 мүнөттү, түйүн ичинде 50 SMSти жана түйүндөн тышкары 5 SMSти, жана да 1 Гб интернет-трафикти өз ичине камтыган акысыз топтом менен Баткен жергесиндеги MegaCom абоненттерин камсыздоо чечими кабыл алынды.

Баткендиктер, биз Сиздер мененбиз!

Сунушталган кызматтар

  • Нумеролог

    кызматы

  • NITRO

    кызматы

  • «Амедиатека»

    кызматы

  • «4 тил»

    кызматы