Перейти на новый сайт

Окуу китептеринин ижара акысын жана электрондук күндөлүктүн акысын MegaPay аркылуу төлөңүз

Окуу китептеринин ижара акысын жана электрондук күндөлүктүн акысын MegaPay аркылуу төлөңүз

Мектеп окуучулары жана ата-энелер үчүн кубанычтуу кабар! Мындан ары окуу китептери жана электрондук күндөлүк үчүн накталай төлөө муктаждыгы жок – MegaPay тиркемесинде билим берүү кызмаматтары үчүн дароо төлөм жүргүзүүчү «Жаңы китеп» жана «Күндөлүк» сервистери жеткиликтүү. Транзакцияны Кыргызстандын каалаган аймагынан 24/7 режиминде экранды бир нече ирет басып ишке ашырууга болот.

«Жаңы китепте» окуу китептеринин ижара акысын кантип төлөсө болот:

  • MegaPay тиркемесиндеги (жүктөп алуу үчүн Google Play жана App Store’до жеткиликтүү) «Сервис» бөлүмүнө өтүп «Жаңы китеп» баракчасын ачыңыз;
  • мектептин кодун жазып, окуу жылын жана классын тандаңыз, класстын тамгасын белгилеңиз, окуучунун аты-жөнүн жана төлөмдүн суммасын жазыңыз;
  • транзакцияны тастыктаңыз.

Электрондук «Күндөлүк» үчүн төлөм жүргүзүүгө төмөнкүлөрдү аткаруу жетиштүү:

  • MegaPay тиркемесинде «Төлөм» бөлүмүнө, андан кийин «Билим берүү» баракчасына өтүңүз. Андан «Күндөлүк – маалыматтык-билим берүү кызматтары үчүн төлөм бөлүмүн тандаңыз;
  • окуучунун жеке эсебин жана төлөнө турган сумманы жазыңыз.

Даяр! Белгилей кетсек, «Жаңы китеп» кызматына төлөм үчүн комиссия 5 сомду, «Күндөлүк» электрондук күндөлүк үчүн – 0 сомду түзөт!

Убактыңызды жана акчаңызды үнөмдөңүз – 800дөн ашык кызматтар үчүн тез, ыңгайлуу, ишенимдүү онлайн төлөм жүргүзүү үчүн MegaPay’дин санариптик мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланыңыз.

MegaPay – жашооңуздагы ар тараптуу жардамчыңыз!

Сунушталган кызматтар

  • Wi-Fi таратуу

    кызматы

  • Киоск

    кызматы

  • «Жетишсиз баланс тууралуу маалымдоо»

    кызматы

  • «Унаа курап ал» суроо-жооп оюну

    кызматы