Перейти на новый сайт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров MegaCom компаниясынын 5G технологиясына арналган тесттик павильонуна барды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров MegaCom компаниясынын 5G технологиясына арналган тесттик павильонуна барды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров MegaCom компаниясынын 5G технологиясына арналган көргөзмө павильонуна барды.

5-сентябрдын алдында, «Альфа Телеком» жабык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана Huawei Technologies Bishkek Co. Ltd. менен биргеликте MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш операторунан 5G сыноо зонасын ишке киргизди жана Бишкек шаарында бешинчи муундагы технологиялардын биргелешкен көргөзмөсүн ачты.

Dordoi Plaza 2 оюн-зоок соода борборунда жайгашкан тесттик шоурумга барган Министрлер Кабинетинин башчысы павильондо санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү акыркы жетишкендиктер, анын ичинде 5G технологиясынын иштөө модели, виртуалдык реалдуулук системасы, 5G Industrial тармагынын базасында иштеген өнөр жай роботунун иштеши менен таанышты. 

Акылбек Жапаров республикада 5G технологиясын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Биз жалпы өлкө боюнча 5G технологияларын ыкчам өнүктүрүүгө, байланыш операторлоруна аталган түйүндүн каптоосун жайылтууга көмөк көрсөтүүгө кызыкдарбыз. Тиешелүү мамлекеттик органдар бул багытта олуттуу иштерди жүргүзүүсү зарыл», – деп белгилеп өттү Жапаров.

Көргөзмөнүн уюштуруучулары 5G технологиялары маалыматтарды берүүнүн жогорку ылдамдыгын камсыздайт жана мамлекеттик кызматтарды, ошондой эле бүтүндөй экономиканы санариптештирүүнү өнүктүрүүгө, өндүрүш процесстерин оптималдаштырууга, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы санариптик чечимдерди жакшыртууга таасирин тийгизет деп белгилейт.

Белгилей кетсек, 5G технологиясына арналган көргөзмө Dordoi Plaza 2 оюн-зоок соода борборунда 2022-жылдын сентябрь айынын аягына чейин уланат. MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору каалоочуларды көргөзмө такталарды көрүп, бешинчи муундагы түйүндүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрүн сынап көрүүгө чакырат.

Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети.

Сунушталган кызматтар

  • «Унаа курап ал» суроо-жооп оюну

    кызматы

  • «Амедиатека»

    кызматы

  • «Кыска SMS номурларга тыюу салуу» жана «Кыска IVR номурларга тыюу салуу»

    кызматы

  • Номурду аныктагыч

    кызматы