Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясы биринчи болуп 5G сынамык аймагын ачты

MegaCom компаниясы биринчи болуп 5G сынамык аймагын ачты

«Альфа Телеком» ЖАК (соода белгиси MegaCom) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүү министрлиги жана маалыматтык-коммуникация тармагында интеллектуалдык түзмөктөр, инфраструктуралар боюнча дүйнөдөгү алдыңкы компания Huawei Technologies Bishkek Co.Ltd. менен биргеликте 5G сынамык долбоорун ишке киргизди жана бешинчи муундагы биргелешкен технология көргөзмөсүн ачты.

5G түйүнүнүн сынамык форматындагы расмий ачылыш аземи, ошондой эле көргөзмө павильонунун салтанаттуу ачылышы 2022-жылдын 5-сентябрында Dordoi Plaza-2 соода көңүл ачуучу борборунда болуп өттү.

Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктагандан кийин анын коноктору - министрлик жана түзүмдөрдүн жетекчилери, дипломаттар, бизнес-коомчулугунун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү санариптик технология тармагындагы жаңылануулар менен таанышышты. Саамалыктын катышуучулары 5G стандартынын артыкчылыктарын жогору баалашты. Алар өткөргүчсүз, жогорку ылдамдыктагы маалыматтарды жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн сынап көрүшүп, Интернет тармактын виртуалдык чындыктарынын өзгөчөлүктөрү менен таанышып, өтө көп тармакта колдонууга жөндөмдүү болгон, Industrial 5G түйүнүнүн базасында иштеген өнөржай роботторунун иштөөсүнө байкоо салышты.

Белгилей кетсек, экспозицияда көргөзмөнүн уюштуруучулары болгон MegaCom компаниясы менен Huawei бренди тарабынан жогорку технологиядагы стенддер да көрсөтүлдү.

«MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору үчүн сынамык аймакты ачуу жана 5G стандартынын көргөзмөсү республикада ультразаманбап технологияны өнүктүрүүнүн, жаңы инфраструктураны түзүүнүн жаңы этабы болуп саналат. 5G түйүнүн коммерциялык эксплуатацияга киргизүү кыргызстандыктар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн уникалдуу дүйнөсүн ачып, маалыматтарды жогорку ылдамдыкта өткөрүүнү шарттайт. Мындан тышкары телеком-индустриясынын өнүгүшүнө жол ачып, мамлекеттик кызматтарды санариптештиргүүгө, экономиканы модернизациялоого ар тараптуу жакшы эффект бере алат», - дешти компаниядан.

Эске салсак, MegaCom мобилдик оператору 2022-жылдын 3-августунда Кыргызстанда биринчи жолу 5G технологиясына тест-драйв жасады. Түйүндү пилоттук түрдө ишке киргизүүдө маалыматтарды жөнөтүү ылдамдыгы секундасына 1,8 Гигабайттан ашып рекорддук ылдамдыкты көрсөттү.

МААНИЛҮҮ: 5G технологиясынын көргөзмөсү Dordoi Plaza-2 соода көңүл ачуу борборунда 2022-жылдын сентябрь айынын аягына чейин уланат. MegaCom компаниясы көргөзмө стенддерин көрүп, бешинчи муундагы байланыш стандартынын уникалдуу мүмкүнчүлүктөрүн сынап көрүүнү каалагандардын бардыгын көргөзмө аятнчасына чакырат.

MegaComмамлекеттик уюлдук байланыш оператору!

Сунушталган кызматтар

  • Wi-Fi таратуу

    кызматы

  • «USSD-меню: Мобилдик портал»

    кызматы

  • «La-La Music»

    кызматы

  • «Суу кемелериндеги роуминг»

    кызматы