Перейти на новый сайт
Оштогу транспорттук карталар: кайдан алып жана кантип комиссиясыз толуктаса болот?

Оштогу транспорттук карталар: кайдан алып жана кантип комиссиясыз толуктаса болот?

Ош шаарынын тургундарынын эсине! MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасы менен биргеликте эсиңиздерге салат: коомдук транспорттун жүргүнчүлөрү үчүн жол кирени накталай эмес, электрондук транспорттук карта аркылуу төлөө, ошондой эле картаны MegaPay тиркемесинен комиссиясыз толуктоо мүмкүнчүлүгү каралган.

Электрондук картаны кайдан сатып алса болот?

Картаны Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасынан алсаңыздар болот.

Пенсионерлер, окуучулар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар жеңилдиктер каралган карталарды алуу үчүн жеңилдик алуу укугун тастыктоочу жеке документтерин көрсөтүүлөрү керек. Калган башка категориянын жүргүнчүлөрү эч кандай документсиз эле электрондук транспорттук карталарды сатып ала алышат.

Эскерте кетели, транспорттук карта менен жол кире акысын төлөө 8 сом, ал эми накталай төлөм жүргүзсө 10 сомду түзөт.

MegaPay тиркемеси аркылуу картаны кантип комиссиясыз толуктаса болот?

  • MegaPay тиркемесин ачыңыз (Google Play жана App Store‘дон жүктөп алууга жеткиликтүү);
  • «Төлөмдөр» бөлүмүнөн «Жана башкалар» баскычын тандап, андан соң – «ОГМАП» баскычын басыңыз;
  • «Реквизит» деп чыккан жерге транспорттук картаңыздын номерин киргизиңиз;
  • толуктоонун суммасын жазып, транзакцияны тастыктаңыз.

Даяр! Кызмат үчүн комиссия – 0 СОМ.

MegaPay – сиздин жашооңуздагы көп кырлуу жардамчыңыз!

Сунушталган кызматтар

  • «Номер алмашуу»

    кызматы

  • «Тыным»

    кызматы

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы

  • «Үн почтасы»

    кызматы