Перейти на новый сайт
Кыймылсыз мүлк үчүн салыкты MegaPay аркылуу экранды бир нече жолу басуу менен төлөңүз

Кыймылсыз мүлк үчүн салыкты MegaPay аркылуу экранды бир нече жолу басуу менен төлөңүз

Урматтуу салык төлөөчүлөр! Маалымат эсебин тапшырууга жана кыймылсыз мүлккө карата салыкты төлөө мөөнөтүнүн аякташына саналуу күндөр калды.

КРнын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын 1-сентябрына чейин ишкердик үчүн пайдаланылбаган турак үйлөрдүн жана батирлердин ээлери мамлекет алдындагы каржылык милдетин аткарууга тийиш экендигин эскертет.

Жоопкерчиликтүү салык төлөөчүлөргө кам көрүү үчүн MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору абоненттерге MegaPay тиркемеси аркылуу түнү-күнү онлайн-төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн ишке ашырды.

Кыймылсыз мүлк үчүн салык төлөө жолу оңой! Ал үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу жетиштүү:

  • Google Play же App Store’дон MegaPay тиркемесин жүктөп же жаңылаңыз;
  • «Сервистер» бөлүмүн ачып, андан соң «Кыймылсыз мүлк үчүн салык» баракчасын ачыңыз;
  • кыймылсыз мүлк ээсининин ИННин, төлөмдүн суммасын жана мүлк жайгашкан район, шаар же айыл аймакты белгилеңиз;
  • «Төлөө» баскычын басып төлөмдү тастыктаңыз.

Даяр! Кызмат үчүн комиссия – 20 сом.

MegaPay аркылуу төлөм жүргүзүүдө чекти жоготуп алуу же терминалдан анын берилбей калышы сыяктуу тобокелдиктер болбойт. Дүмүрчөк тиркемеде сакталат, керек болгон учурда документти смартфонго көчүрүп алууга, мессенджер аркылуу бөлүшүүгө же кагазга чыгаруу үчүн почтага жөнөтүү оңой.

Белгилей кетсек, кыймылсыз мүлк үчүн салык төлөмүнүн суммасын КР Мамкаттоо кызматынын сайтынан өз алдыңызча эсептесеңиз болот. Ал үчүн атайын «Электрондук калькуляторду» колдоносуз (керектүү шилтемени ачып, атайын боштукка мүлк тууралуу маалыматтарды толтуруп, «Салыкты эсептөө» баскычын басасыз. Программа автоматтык түрдө сумманы көрсөтөт).

MegaPay аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдүн макамын Мамкаттоо кызматынын сайтынан ИНН, реквизит номери жана чек берилген күн боюнча текшерүүгө болот.

Убактыңызды жана акчаңызды үнөмдөңүз – MegaPay’дин санариптик мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланыңыз!

Сунушталган кызматтар

  • «Телефон чал!»

    кызматы

  • «Мага кайра чал»

    кызматы

  • «Учурдагы Баланс» кызматы

    кызматы

  • Менталдык жардам

    кызматы