Перейти на новый сайт

MegaCom сайты сенин уюлдук телефонуңда!

 

MegaCom сайты сенин уюлдук телефонуңда!

MegaCom компаниясы– wap.megacom.kg WAP-сайты иштей баштагандыгы жөнүндө билдирет.
 
Мындан ары Интернеттен MegaCom компаниясынын акыркы жаңылыктарын билип туруш үчүн компьютердин кереги жок болуп калды. Болгону WAP-браузери бар телефондун болушу шарт.

Wap-сайт – бул кошумча жабдуусуз (модем жана компьютер) мобилдик телефондун экранынан сайты окуу мүмкүнчүлүгү.

WAP-сайты аркылуу MegaCom абоненттери  сутканын каалаган учурунда компаниянын акыркы жаңылыктарын, тариф жана кызматтар тууралу маалыматтарды, аба-ырайы менен валюталар курсун биле алышат. Андан сырткары WAP-сайтында көңүл ачуу сервистеринин толук топтомун: обондор, сүрөттөр, Java-оюндар, телефондук тамашалар, мобилдик таанышуулар, афоризмдер, тосттор, SMS-валентинкалар үчүн тексттер, гороскоп, күн сайын жеке прогноздор, анкедоттор ж.б. көптөгөн кызыктуу маалыматтарды колдонсо болот. Жакын арада MegaCom компаниясынын обондорун, сүрөт жана видеотасмаларын көчүрүп ала турган фирмалык контент бөлүмү ишке кирмекчи. Ошондой эле популярдуу сериалдар, түркүн шоу жана белгилүү аткаруучулардын концерттеринин контенти (видео\аудио фалдар, лого ж.б.) бар бөлүмдөр ачылмакчы.

MegaCom WAP-сайтын ачуу үчүн:
- Телефондо WAP-ты тууралоо;
- Телефондогу веб-браузердин даректер сабында WAP-сайттын wap.megacom.kg дарегин жазуу (WAP-сайтка кирүүнү түздөтүү үчүн дарегин веб-браузердин баштапкы бети катарында көрсөтүү сунушталат)

WAP –сайтта көрсөтүлгөн кызматтардын баасы: 

Контенттин түрү Кыска номер Сурамдын наркы (сом, КНС жана ЧССти эсепке алуу менен)
Рингтондор, кара-ак/түстүү сүрөттөр, анимация ж.б. 7710 35,34
Гороскоптор, анекдотор, учкул сөздөр, тостто ж.б. 7711 35,34
Мобилдик темалар (МР3, суперүндөр), видео, JMG, Java-оюндар, саат, видеотондор ж.б. 7712 141,36
Реалтондор, МР3, видео ж.б. 7713 78,53 (контенттин бирдиги үчүн)
Таанышуу 7714 3,14 (ар бир сурам үчүн)

WAP-трафикке төлөө тандалган тарифтик планга жараша жүргүзүлөт.

555 командасы. Бардыгы – өз адамдар!

Сунушталган кызматтар

  • MegaCom Wi-Fi (КМТУ)

    кызматы

  • NITRO

    кызматы

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы

  • Мен чалдым/Мага чалышты

    кызматы