Перейти на новый сайт
MegaCom компаниясы кайрадан «Кыргызстандын эң мыкты салык төлөөчүсү» наамына ээ болду

MegaCom компаниясы кайрадан «Кыргызстандын эң мыкты салык төлөөчүсү» наамына ээ болду

Бүгүн, 2022-жылдын 1-июлунда, Салык кызматкерлеринин күнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы өлкөнүн эң мыкты салык төлөөчүлөрүн аныктады. Салтка айланып калгандай эле, «Альфа Телеком» ЖАК мыктылардын сап башын ээледи.

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш операторуна Кыргыз Республикасынын бюджетинин киреше бөлүгүнө орчундуу салым кошкондугу үчүн жана 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча салык мыйзамдарын өз ыктыяры менен аткаргандыгы үчүн «Кыргызстандын эң мыкты салык төлөөчүсү» ардактуу наамы ыйгарылып, республикада бизнес жүргүзүүнүн ачык жана натыйжалуу мисалы катары көрсөтүлдү.

MegaCom компаниясы бул наамга алгач 2008-жылы татыктуу болгон. Мындай жогорку статуска компания 2012, 2013, 2014 жана 2018-жылдары да ээ болуп келгендиги маалым.

Баса белгилей кетсек, MegaCom компаниясын уюлдук оператор катары тандоо менен, ар бир кыргызстандык өлкө экономикасына жеке салымын кошо алат. «Альфа Телеком» ЖАКтын акциялары 100 пайыз мамлекетке тиешелүү экендигин, түшкөн ар бир сомдун эсебинен бюджет толуктала тургандыгын жана бул каражаттардын пенсия, жөлөк пулдар, мугалимдерге, дарыгерлерге, аскер кызматкерлерине, маданият тармагынын кызматкерлерине жана башка категориялардын өкүлдөрүнө айлык маяна иретинде төлөнүп бериле тургандыгын компания сыймык менен баса белгилейт.

MegaCom – Мекенибиздин бакубатчылыгы үчүн эмгектенебиз!

Сунушталган кызматтар

  • «Ата-Эне көзөмөлү»

    кызматы

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы

  • «Автотөлөм»

    кызматы

  • Роумингдеги абоненттер үчүн маалымат

    кызматы