Перейти на новый сайт

MegaCom компаниясы эксплуатацияга 38 базалык станция киргизди

 

MegaCom компаниясы эксплуатацияга 38 базалык станция киргизди.

MegaCom компаниясы байланыш менен камсыздоо жана абоненттерди тейлөөдө көрсөткөн кызматтын сапатын жогорулатуунун үстүндө үзгүлтүксүз иш алпарат. Кыргызстандыктар буга баа бергени «555» абоненттеринин командасында күндөн күнгө саны көбөйгөнүнөн билинет. Бүгүнкү күндө MegaCom түйүнүндө 900 000 ден ашуун кардар бар.

Кыргызстандагы эң динамикалуу өсүпаткан уюлдук оператордун стратегиясында радиосигнал жеткен аймакты кеңейтүү - башкы приоритеттердин бири. Ошондуктан MegaCom компаниясынын техникалык кызматкерлери бүт республика боюнча тынымсыз жаңы базалык станцияларды орнотуп ишке киргизүү боюнча иш жүргүзүшүп, өлкөнүн ар бир жашоочусунда жеткиликтүү жана сапаттуу уюлдук байланыш колдонуу мүмкүндүгү бар.

Жыл башынан аткарылган иштердин жыйынтыгында 38 базалык станция ишке киргизилген. MegaCom радиосигналын сапаттуу кабыл алууну камсыздаган станциялардын жалпы саны 338.

Жаңы базалык станцияларды орнотуудан кийин төмөнкү жерлерде сигнал кабыл алуу сапаты жакшырган:

По Чүй облусунда Кант, Кара-Балта жана Токмок шаарларында, ошондой эле Нижняя Ала-Арча, Маевка, Чон-Кемин, Ак-Суу, Интернациональное, Полтавка, Алексеевка, Военно-Антоновка, Чалдовар, Күрпүлдөк, Петровка жана Новопавловка айылдарында;

Ысык-Көл облусу боюнча Чолпоната шаарында жана Теплоключенка, Михайловка, Жети-Өгүз, Нововознесеновка, Сары-Ой, Бостери, Саруу жана Кызыл-Суу айылдарында;

Талас облусунда Талас шаарында жана Маймак, Бешеке, Кызыл – Адыр, Кара-Бура, Чат – Базар, Покровка айылдарында;

Нарын облусунда Кочкор жана Дөбөлү айылдарында.

MegaCom: өз келечегиңди танда!

Сунушталган кызматтар

  • «Мобилдик айлык акы»

    кызматы

  • Конференц-байланыш

    кызматы

  • «SIM-меню»

    кызматы

  • «MEGAга жеңил кадам»

    кызматы