Перейти на новый сайт

MegaCom MegaCloud мобилдик тиркемесин ишке киргизди – маалыматтарды булутта сактоо сервиси

MegaCom MegaCloud мобилдик тиркемесин ишке киргизди – маалыматтарды булутта сактоо сервиси

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору 2022-жылдын 12-апрелинен баштап MegaCloud сервиси үчүн мобилдик тиркемени ишке киргизерин кубануу менен кабарлайт. Эми өзүңүздүн «эсте калчу окуяларыңызды» булуттардагы сүрөттөргө жүктөй аласыздар, ал эми видеоальбомдорду жүктөө мурдагыдан да ыңгайлуу болуп калды.

Сервис MegaCom’дун абоненттерине өзүнүн бардык маалыматтарын (сүрөт, видео, музыка, документтер жана башка файлдарды) сактоого жана аны булуттар мейкиндигинде башкарууга мүмкүнчүлүк түзөт. Тиркеменин интерфейси орус жана кыргыз тилдеринде жеткиликтүү.

MegaCloud’га файлдарды жүктөө жана/же ага жетки алуу опоңой. Ал үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:

  • App Store же Google Play’ден MegaCloud тиркемесин көчүрүү;
  • сервисти кошууга жана/же бир жолку логин, паролду SMS-билдирүү аркылуу алуу үчүн билдирме жөнөтүү*;
  • тиркеменин авторизацияланган терезесине сизге жиберилген логин жана паролду жазуу;
  • андан кийин тиркеме MegaCloud’га кийинки кирүүлөр үчүн сизге өзүңүздүн PIN-кодду коюуну же биометриялык маалыматтарыңызды колдонууну сунуштайт.

* Кокустук логин жана паролун 919 кыска номерине «Пароль» деген сөздү SMS кылып жөнөтүп же *919*9# USSD-буйруусунун жардамында алса болот.

Даяр! Жумушту эффективдүү уюштуруу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланыңыз жана мобилдик түзмөктүн эс тутумун оптимизациялаңыз.

Толук маалымат megacom.kg  сайтында жайгаштырылган.

 

Сунушталган кызматтар

  • «MegaMusic өзү үчүн»

    кызматы

    icon
  • «Толукта жана утуп ал» викторинасы

    кызматы

  • «MEGAга жеңил кадам»

    кызматы

  • «Балдарга» жана «Китеп» порталдары

    кызматы