Перейти на новый сайт
MegaCom мамлекеттик байланыш оператору Сиздерди Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайт!

MegaCom мамлекеттик байланыш оператору Сиздерди Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайт!

Кымбаттуу достор! MegaCom мамлекеттик байланыш оператору Сиздерди жаркыраган жаз менен бирге кирип келген, жаңы үмүттөрдү тартуулаган Нооруз майрамы менен куттуктайт!

Нооруз − бул табигаттын жаңылануусу, жан дүйнөбүздүн аруу сезимдерге бөлөнүүсү жана боорукердикти, жоомарттыкты, аруулукту даңазалап турган майрам. Нооруз күнү ар бир үйдө кастарлап тамак-аш жасалат, түрдүү даамга толгон ак дасторкон үстүндө жакшы каалоо-тилектер айтылат, таарынычтар жазылат, улуулар ак баталарын берип, накыл кептер сүйлөнөт.

Достор, бул майрам ар бир үйгө ырыскы, үй-бүлөлүк бакыт алып келишин каалайбыз. Жашооңуздарда бактылуу көз ирмемдер жана кубанычтуу жаңылыктар көп болсун. Купуя тилектериңиздер аткарылып, ишиңиздерди ийгиликтер коштосун!

Нооруз жергебизге тынчтык, өлкөбүзгө өнүгүү жана элибизге ынтымак-ырашкерлик алып келсин!

Урматтоо менен, MegaCom компаниясы

Сунушталган кызматтар

  • «Mega24» мобилдик тиркеме

    кызматы

  • «Ата-Эне көзөмөлү»

    кызматы

  • Мен чалдым/Мага чалышты

    кызматы

  • SMS-жөнөтмөдөн баш тартуу

    кызматы