Перейти на новый сайт
MegaCom маалымдайт

MegaCom маалымдайт

«Альфа Телеком» ЖАК (соода белгиси MegaCom) болжолдуу салмагы 28 436,5 кг болгон, тышкы бузулуулардын белгилери бар 547 даана аккумулятордук батареяларды сатууга тоорук (ачык аукцион) өткөрүү тууралуу жарыялайт.

Жогоруда көрсөтүлгөн мүлк бир лот менен сатылат.

Жогоруда көрсөтүлгөн мүлктүн баштапкы (старттык) наркы – 1 кг үчүн 81 сомду, болжолдуу салмагы 28 436,5 кг − 2 303 356,5 сомду түзөт.

Ново-Покровкадагы техникалык кампада жайгашкан, тышкы бузулуу белгилери бар аккумулятордук батареялардын тизмеси:

№ п/п

АКБлардын аталышы

АКБ кубаттуулугу (Ah)

Саны

Эскертүү

Бир АКБнын салмагы (1кг)

Жалпы салмак (кг)

1

Denta ta

150Ah

22

 

49

1078

2

Narada

155Ah

7

 

52

364

3

Marathon

155Ah

60

Ошол эле учурда ящикте 2 даана

53,5

3210

4

Jiuul

150Ah

119

 

48

5712

5

Coslight

150Ah

227

 

53

12031

6

Sacred Sun

100Ah

9

 

34

306

7

Coslight

92Ah

19

 

33

627

8

PowerSafe

150Ah

73

 

64,5

4708,5

9

Coslight

100Ah

7

 

37

259

10

Taiga

90Ah

1

 

30

30

11

Coslight (кирпич)

100Ah

3

 

37

111

АКБны жалпы саны:

547

 

 

28436,5

Аукционго катышууга кызыкдар болгон жактардан төмөнкү документтер талап кылынат:

  • баштапкы наркынан төмөн болбогон сатып алуу баасын көрсөткөн коммерциялык сунуш;
  • юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү же юридикалык жакты түзбөстөн жеке ишкер катары ишкердик ишин жүргүзгөн жаранды каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • аукционго катышууга билдирме;
  • 115 168 сом суммасындагы кепилдик төлөмдүн төлөнгөндүгүн тастыктаган төлөм документинин көчүрмөсү;
  • жарандыгын тастыктаган документ (билдирме берүү учурунда катышууну каалаган жак тарабынан жеке көрсөтүлөт);
  • өкүлдүн атына жазылган, ага юридикалык жактын атынан иш алып барууга жана тийиштүү аракеттерди жасоого ыйгарым укук берүүчү ишеним кат.

Жогоруда көрсөтүлгөн документтер катышуучунун аталышын (аты-жөнүн) көрсөтүү менен, «Аккумулятордук батареяларды сатуу боюнча аукционго катышуу үчүн» деп белгиленип, бар конвертке салынып, чапталышы керек. Конверттер Бишкек ш., Сүйүмбаев көчөсү, 123 дарегинде жайгашкан «Альфа Телеком» ЖАКтын кеңсесинде 2022-жылдын 22 марттын (саат 17:00гө) чейин кабыл алынат. Аукцион Бишкек ш., Сүйүмбаев көчөсү, 123 дарегинде 2021-жылдын 23 мартта саат 14:00дө башталат. Аукциондун катышуучулары/алардын өкүлдөрү конверттерди ачуу иш-чарасына катыша алат. Жанында инсандыгын тастыктаган документинин болуусу шарт.

Эң жогорку бааны сунуштаган катышуучу ачык аукциондун жеңүүчүсү болуп табылат. Ачык тоорукту утуп алган катышуучу аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюлган күндөн тартып, 10 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө мүлктү сатып алган сумманы төлөп бериши керек.

Эгерде эң жогорку бааны сунуш кылган катышуучу сатуу-сатып алуу келишимин түзүүдөн баш тартса жана / же мүлктүн баасын төлөбөсө, анда бул катышуучунун сунушу четке кагылып, кийинки эң жогорку бааны сунуш кылган катышуучу жеңүүчү деп табылат.

Катышуучу аккумулятордук батареялардын андан ары колдонулушу үчүн жоопкерчиликти өзү тартат, ал эми утилизацияланган учурда мындай жол-жоболорду жөнгө салган Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын аткарууга милдеттүү, ошондой эле Сатуучунун кампасынан аккумулятордук батареяларды ташып чыгарууну уюштуруу боюнча чыгымдарды өз каражаттарынын эсебинен көтөрөт.

Аукционго катышууга кызыкдар болгон жактар мүлктү алдын ала текшерип көрүүгө укуктуу. Мүлктү текшерип көрүү үчүн, кызыкдар тараптар төмөндө көрсөтүлгөн маалымдаректер боюнча кайрылуусу керек. Тооруктун уюштуруучусу – «Альфа Телеком» ЖАК. Аукцион, аны өткөрүүнүн тартиби тууралуу маалымат компаниянын интернет- сайтында жайгаштырылган: www.megacom.kg. Маалымат телефондору: 0 555 905 352, 0 555 505 590.

Уюштуруучу аукциондон каалаган убакта, бирок ал өткөрүлө турган күндөн үч күндөн кечиктирбестен, Компаниянын сайтына тиешелүү маалыматтарды жайгаштыруу менен баш тартууга укуктуу.

Кепилдик төлөмдү төлөө үчүн маалымдаректер (кыргыз сому үчүн):

 Алуучунун банкы

«РСК Банк» ААК

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.

Beneficiary (Алуучу)

«Альфа Телеком» ЖАК

Эсеби: № 1299003150020051

БИК: 129001

ИНН: 00406200910056

Кыргыз Республикасы,

Бишкек ш., Сүйумбвев көч. № 123

Purpose of payment

(Төлөмдүн максаты)

АКБ сатуу боюнча аукционго катышуу үчүн кепилдик төлөм

 

Алуучунун банкы

«Оптима Банк» ААКтын ББФ

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.

Beneficiary (Алуучу)

«Альфа Телеком» ЖАК

Эсеп № 1091820182530517

БИК: 109018

Purpose of payment

(Төлөмдүн максаты)

АКБ сатуу боюнча аукционго катышуу үчүн кепилдик төлөм

 

Сунушталган кызматтар

  • NITRO

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү Интернет роуминг»

    кызматы

  • Футбол порталы

    кызматы

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы