Перейти на новый сайт
MegaPay тиркемесинде банк карталарын комиссиясыз толуктаңыз

MegaPay тиркемесинде банк карталарын комиссиясыз толуктаңыз

MegaPay мобилдик тиркемесинин функционалын колдонуп, Кыргызстандагы алты банктын карталык эсептерин телефондун балансынан комиссиясыз толуктаңыз!

Колдонуучулар каржылык операцияларды өз смартфонунда эле 24/7 режиминде ишке ашыра алат. Карталарды онлайн-толуктоо - абоненттерди банктардын бөлүмдөрүнө улам баруу убаракерчилигинен бошотот. Муну менен катар эле акча которуулар максималдуу аз убакытта жүргүзүлүп, транзакция боюнча чектер «Төлөмдөр тарыхында» сакталат.

MegaPay тиркемесинде картаны толуктоо кызматтары төмөнкү банктарга комиссиясыз жеткиликтүү:

  • «Айыл Банк» ААК;
  • «Керемет Банк» ААК;
  • «Кыргызстан коммерциялык банкы» ААК;
  • «Оптима Банк» ААК;
  • «РСК Банк» ААК;
  • «Халык Банк Кыргызстан» ААК.

Кыргыз Республикасындагы башка банктарда кызматтар үчүн төлөм 1 пайызды түзөт.

Карталык эсептерди толуктоо үчүн төмөнкүлөрдү аткарыңыз:

  • Google Play же App Store’дон MegaPay мобилдик тиркемесин жүктөп же жаңыло;
  • «Алуу» баракчасын тандоо же «Төлөм» - «Банк кызматтар» бөлүмүнө өтүү;
  • тизмеден керектүү банкты тандап, картанын же картанын эсебинин номерин жазып, төлөнүүчү сумманы көрсөтүп андан соң төлөмдү тастыктаңыз.

Даяр!

MegaPay – сиздин жашооңуздагы алмаштыргыс жардамчыңыз!

Сунушталган кызматтар

  • «MIX үн порталы»

    кызматы

  • «Жакын адамдар»

    кызматы

  • «MegaCom 4G USB модеми»

    кызматы

  • «Кыска SMS номурларга тыюу салуу» жана «Кыска IVR номурларга тыюу салуу»

    кызматы