Перейти на новый сайт
Китептин ижара акысын MegaPay тиркемеси аркылуу онлайн төлө

Китептин ижара акысын MegaPay тиркемеси аркылуу онлайн төлө

Достор, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте ишке ашырылган «Жаңы китеп» сервисинин жардамы аркылуу китеп үчүн ижара акыны MegaPay тиркемесинен онлайн төлөсө болот.

Эми банктардын бөлүмдөрүнө барып убара болуп же окуу материалдары үчүн жаныңдан төлөп кереги жок. Ижара үчүн акыны смартфон аркылуу, абонент кайсыл жерде болбосун бир нече баскыч менен төлөп коё алат.

Кызматты кантип колдоносуз?

  • MegaPay тиркемесин Google Play же App Store'дон жүктөп же жаңылаңыз;
  • «Сервистер» бөлүмүнө кириңиз, ал жерден «Атайын кызматтар» баракчасын ачыңыз. «Жаңы китеп» сервисин тандаңыз;
  • тиешелүү маалыматтарды киргизиңиз: мектептин кодун, окуу жылын, классын жана окуучунун аты-жөнүн жазып, төлөмдүн наркын киргизиңиз. Мындан соң, транзакцияны тастыктаңыз.

Даяр!

Кызмат үчүн комиссиянын наркы 5 сомду түзөт.

Маалымат үчүн: "Жаңы китеп" сервиси Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүүчү уюмдардын окуучуларынын китеп менен камсыздалышын жакшыртуу жана жаңы китептерди басып чыгаруу үчүн ижара акыны өз учурунда чогултууга багытталган.

Сунушталган кызматтар

  • «Mega USSD»

    кызматы

  • «Видеочалуу»

    кызматы

  • «Номер алмашуу»

    кызматы

  • E-mail дарекке деталдоо

    кызматы