Перейти на новый сайт

Бишкектен батирди ким утуп алды? «Бактылуу ачкыч» акциясынын жеңүүчүсү жарыяланды

Бишкектен батирди ким утуп алды? «Бактылуу ачкыч» акциясынын жеңүүчүсү жарыяланды

Достор, шейшемби күнү, 31-августта, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгында, «Ден соолук» сейил багында MegaCom байланыш оператору жана CAPSTROYKG курулуш компаниясы биргеликте уюштурган «Бактылуу ачкыч» акциясынын жеңүүчүсү аныкталды.

Башкы байге - Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан «Ак-Марал 2» турак-жай комплексиндеги эки бөлмөлүү батирдин бактылуу ээси Улукбек Нишанов болду. Салтанаттуу маанайда уюштуруучулар ага жеңүүчүнүн тастыктамасын ыйгарышты.

Мындан тышкары, акциянын жыйынтыгы боюнча 2-4-орундарга ээ болгон бактылуу жеңүүчүлөрдүн да аттары аталды. Алар:

  • 2-орунду алган - Данияр Саламатов;
  • 3-орун - Таалайкүл Сулайманова;
  • 4-орун - Виталий Резин.

Жеңүүчүлөрдүн ар бирине CAPSTROYKG курулуш компаниясынан кыймылсыз мүлк алууга 300 миң сомдук тастыктамалар ыйгарылды.

«Бактылуу ачкыч» акциясынын салтанаттуу финалына келген көрүүчүлөр да белексиз калышкан жок. Кыргызстандын атактуу аткаруучулары АСКО, BAKR, Жийдеш Идирисова жана Кудайберди Айтбосуновдор унутулгус хиттерин тартуулашты. Коноктордун позитивдүү маанайын болсо, шайыр алып баруучулар 1.1Studio'дон Актан Рыскелдиев жана Ильгиз Куватбек колго алышып, активдүү көрүүчүлөр арасында уюштуруучулар тарабынан коюлган фирмалык белектерди ойнотушту.

Сунушталган кызматтар

  • «IVR витрина»

    кызматы

    icon
  • «I’m OK»

    кызматы

    im OK 1
  • «Интернет роуминг»

    кызматы

  • «Роумингде балансымды толукта»

    кызматы