Перейти на новый сайт
Соттолбогондугу тууралуу маалымкат үчүн MegaPay тиркемеси аркылуу төлөп, тапшырык кыл

Соттолбогондугу тууралуу маалымкат үчүн MegaPay тиркемеси аркылуу төлөп, тапшырык кыл

MegaCom компаниясы абоненттерге ыңгайлуу болушу үчүн жаңы санарип кызматтарды киргизүүнү улантат. Эми MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында жарактуу болгон соттолбогондугу тууралуу маалымкатты тапшырык кылып жана ал үчүн акы төлөсө болот.

Бул үчүн:

  • MegaPay тиркемесин жүктөп алыңыз же жаңылаңыз (Google Play жана App Store'дон жүктөп алууга жеткиликтүү);
  • «Сервистер» бөлүмүнө өтүп, «ИИМ маалымкатын» тандаңыз;
  • документти даярдоо мөөнөтүн көрсөтүңүз;
  • тиешелүү болгон байланыш маалыматтарды толтуруп, төлөм аткаруу, тастыктоо.

Даяр!

Эске сала кетсек, MegaPay тиркемеси жыйырмадан ашуун мамлекеттик кызматтардан онлайн режимде пайдаланууга шарт түзөт. Ошондой эле 500дөй товар, сервис жана кызматтар үчүн төлөм аткарууга мүмкүнчүлүк түзүп, коммуналдык кызматтар үчүн карыздарды текшерүү, насыяларды төгүү, Кыргызстандагы жана КМШ өлкөлөрүндөгү коммерциялык банктардын карталарын, аманаттарды толуктоого, ыкчам түрдө акча которууларга, ЖКК боюнча эрежелерин бузган үчүн айып пулду текшерүү жана төлөөгө шарт түзөт.

MegaPay - сиздин ишенимдүү жардамчыңыз!

Сунушталган кызматтар

  • «Интернет роуминг»

    кызматы

  • «Спорт порталы»

    кызматы

  • «Сиздин мобилдик эсебиңиз»

    кызматы

  • «Куткаруучу тегерек»

    кызматы