Перейти на новый сайт

MegaCom Кыргыз Республикасында тамеки жана алкоголдук продукцияларды маркалоо боюнча долбоордун бет ачарын жасады

MegaCom Кыргыз Республикасында тамеки жана алкоголдук продукцияларды маркалоо боюнча долбоордун бет ачарын жасады

Кыргыз Республикасынын Каржы жана экономика министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык кызматы жана Маркалоо боюнча улуттук системанын оператору саналган – «Альфа Телеком» ЖАК (соода белгиси MegaCom) биргеликте 2021-жылдын 1-июлунан тартып санарип идентификациялоо жолу менен Кыргызстанда тамеки жана алкоголдук продукцияларды милдеттүү түрдө маркалоо боюнча долбоорду ишке киргизишти.

2021-жылдын 7-июлунда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго, ошондой эле Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө ири атамекендик өндүрүшчүлөрдүн бири болгон «Кыргыз Коньягы» ЖЧКсынын өндүрүш аянтчасында маркалоонун коддорун киргизүү жана генерациялоонун толук мерчеми көрсөтүлдү.

Тамеки жана алкоголдук продукцияларды маркалоочу коддор маркаланган товарларды жүгүртүүчүлөргө маалыматтык системанын жардамы менен онлайн режимде берилип, Кыргыз Республикасына импорттолуучу же өлкө ичинде өндүрүлүүчү товарларга тийиштүү болуп саналат.

Товарларды маркалоо керектөөчүлөрдү контрафакттык (жасалма) товарлардан коргоп, «Текшер» мобилдик тиркемесинин жардамы менен тиешелүү товардын сапаты талаптагыдай экенин текшерип алуу мүмкүнчүлүгүн түзөт. Жакын арада сервис уюлдук телефонго жүктөп алуу үчүн жеткиликтүү болмокчу жана товарды сатып аларда маркалоо кодун сканерлеп текшерүү мүмкүнчүлүгү жаралмакчы. Кодду сканерлеген соң, керектөөчү товар тууралуу кенен маалыматка ээ болуп жана анын жасалма эмес экендигин аныктай алат. Эгерде товардын жасалма экендиги аныкталса, жарандар «Текшер» мобилдик тиркемесинин жардамы менен мыйзам бузуулар тууралуу билдирип, өзүнүн билдирмесин каттатуу менен «Элдик көзөмөл» жүргүзө алат.

Санарип идентификациялоонун жардамы менен товарларды маркалоо - санариптик технологиялар тармагындагы масштабдуу жана жаңычыл долбоор болуп эсептелет, ошондой эле MegaCom компаниясынын стратегиялык жактан өнүктүрүү багытынын бири болуп саналат.

Сунушталган кызматтар

  • Автомаалымдоо

    кызматы

  • «I’m OK»

    кызматы

    im OK 1
  • Футбол порталы

    кызматы

  • eSIM

    кызматы