Перейти на новый сайт
Tommi Mall оюн-зоок соода борборунда акция! MegaCom'дун VIP-номерлерине 100 пайызга чейин арзандатуу

Tommi Mall оюн-зоок соода борборунда акция! MegaCom'дун VIP-номерлерине 100 пайызга чейин арзандатуу

Абоненттердин көптөгөн өтүнүчү менен, Tommi Mall'до жакында ачылган сатуу жана тейлөө борборунда кайрадан акция жүргүзүлөт.

MegaCom'дун «Алтын», «Күмүш» жана «Платина» категориясындагы VIP-номерлерин 100 пайызга чейин арзандатуу менен алуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз! Акция 2021-жылдын 1-июлунан 14-июлуна чейин аракетте болот.

MegaCom’дун Tommi Mall’догу Сатуу жана тейлөө борборунда арзандатуу мүмкүнчүлүктөрүнөн кантип пайдаланса болот?

  • «Күмүш» категориясындагы номерлерди 100 пайыздык арзандатуу (баасы – 0 сом) менен алуу үчүн абонентке «Интернет» тарифтик линейкасындагы 28 күндүк «Интернет Эконом», «Интернет Стандарт», «Интернет Чектөөсүз», «Бардыгы Чектөөсүз» топтомдорунун бирин кошуу жетиштүү.
  • «Алтын» категориясындагы номерлер 100 пайыздык арзандатуу (баасы – 0 сом) менен төрт жумалык «Интернет Чектөөсүз» жана «Бардыгы Чектөөсүз» топтомдорунун бирине кошулган абоненттерге гана жеткиликтүү.
  • «Платина 7500» категориясындагы номерлерге 80 пайыздык арзандатуу (баасы – 1500 сом) «Бардыгы Чектөөсүз» топтомуна кошулган учурда берилет.

«Интернет» тарифтик планы тууралуу толугураак маалымат менен компаниянын расмий сайтынан таанышсаңыз болот.

Өзүңүздүн өзгөчөлүгүңүздү MegaCom менен биргеликте көрсөтүңүз!

Сунушталган кызматтар

  • Алдын ала төлөө картасынын статусун текшерүү

    кызматы

  • Астрология

    кызматы

  • «Суу кемелериндеги роуминг»

    кызматы

  • «4G Wi-Fi Wingle MegaCom»

    кызматы