Перейти на новый сайт

MegaCom Баткен облусундагы ооруканаларга жардам көрсөттү

MegaCom Баткен облусундагы ооруканаларга жардам көрсөттү

MegaCom компаниясы корпоративдик социалдык жоопкерчилигинин алкагында кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактан жабыркаган жарандарды дарылоого активдүү катышкан Баткен облусунун ооруканаларына жардам көрсөттү.

Мобилдик оператордун демилгеси менен Лейлек аймактык ооруканасы жана Баткен облустук ооруканасынын зарыл болгон талаптарына жараша MegaCom'дун жетекчилиги 800 бир жолу жана көп жолу колдонулуучу халат, 2000 комплект стерилдүү колкап, ошондой эле медициналык кызматкерлерге «Ден соолук» тарифтик планына кошулган SIM-карталарды ыйгарды.

«Биз алдыңкы катардагы медицина кызматкерлерине жардам көрсөтүп турганыбызга дайым кубанычтабыз. MegaCom компаниясы үчүн дарыгерлер кесиптештери менен ар дайым байланышта болуп туруусу маанилүү. Анткени учурунда аткарылган телефон чалуу же SMS кимдир бирөөнүн өмүрүн сактап калышы же бейтаптын тагдырын бурушу мүмкүн», — деди «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Азат Базаркулов жардам көрсөтүү иш чарасында.

Эске сала кетсек, «Альфа Телеком» ЖАК MegaCom'дун 15 жылдык мааракесине арналган масштабдуу салтанатты өткөрүүдөн баш тартып, ал каражатты демөөрчүлүк жардам иретинде Бишкек шаарындагы өлкөнүн бардык облустарынан келип түшкөн кичинекей бейтаптарды кабыл алуучу 3-балдар ооруканасынын ЛОР бөлүмүн оңдоп-түзөөгө жумшаган.

MegaCom дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүү биздин ар бирибиздин колубузда экенине ишенет жана Кыргызстандагы ири компанияларды дагы жакшы иштерди жасоо эстафетасын кабыл алууга чакырат!

Сунушталган кызматтар

  • MegaTV

    кызматы

  • «Эл аралык байланыш»

    кызматы

  • «Онлайн роуминг» топтомдору

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы