Перейти на новый сайт
«Манас» жана «Ош» аэропортторунун авиакаттамдарынын онлайн-жүгүртмөсү Mega24 тиркемесинде

«Манас» жана «Ош» аэропортторунун авиакаттамдарынын онлайн-жүгүртмөсү Mega24 тиркемесинде

Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана коноктордун ыңгайы үчүн, ошондой эле аларды кабардар кылып туруу максатында «Альфа Телеком» ЖАК (соода маркасы MegaCom) жана «Эл аралык «Манас» аэропорту» ААК биргеликте MEGA24 тиркемесинде (Google Play жана App Store'дон жүктөп алууга жеткиликтүү) «Авиакаттамдар таблосу» сервисин ишке киргизди.

Эми Mega24 тиркемесинин колдонуучулары, ошондой эле Кыргызстандагы башка уюлдук операторлордун абоненттери дагы «МегаПортал» бөлүмүнөн эл аралык «Манас» жана «Ош» аэропортторунун авиакаттамдарынын онлайн-жүгүртмөсүн карай алышат.

Кызыктырган каттам боюнча зарыл болгон бардык маалыматтар каалаган учурда жеткиликтүү: тиркемеден сиз учактардын учуу жана конуу убактылары, багыттар, авиакомпаниялардын аталыштары, каттамдардын статустары (каттоодо, учуп кетти/конду, каттам токтотулду, отургузуу ж.б.) менен тааныша аласыз.

Сервистин кызматынан пайдалануу колдонуучулардын санарип технологияларды колдонуу тажрыйбасын кеңейтсе, «Альфа Телеком» ЖАК жана «Эл аралык «Манас» аэропорту» ААК компанияларына өлкө ичинде жана өлкөдөн тышкары аба транспорту аркылуу саякаттоону каалаган мекендештерибиз үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө, ошондой эле сапаттуу онлайн-кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

«Авиакаттамдардын таблосу» сервиси ыңгайлуу интерфейс менен иштелип чыгып, кыргыз, орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү. Сервисти колдонууда MegaCom'дун абоненттери үчүн интернет-трафик тарификацияланбайт.

Бул сервис «Альфа Телеком» ЖАК жана «Эл аралык «Манас» аэропорту» ААК экөөнүн ортосунда кол коюлган өнөктөштүк жөнүндөгү Меморандумдун алкагындагы алгачкы долбоор болуп саналат. Документке авиабайланыш тармагындагы мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жана аларды КРнын жарандары менен коноктору пайдалануусу үчүн жөнөкөйлөштүрүү максатында кол коюлган.

Сунушталган кызматтар

  • Сервистик жана шашылыш кызматтар

    кызматы

  • Чалууну күтүү жана кармап туруу

    кызматы

  • «La-La Music»

    кызматы

  • «Кийин төлөнүүчү роуминг»

    кызматы