Перейти на новый сайт
Кыргызстанда жеңил өнөр жай товарлары үчүн маркалоо коддору бериле баштады

Кыргызстанда жеңил өнөр жай товарлары үчүн маркалоо коддору бериле баштады

Кыргыз Республикасы Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык кызматы жана КРдагы товарларды маркалоо системасы улуттук оператору – “Альфа Телеком” ЖАКсы – 2021-жылдын 20-майынан баштап Россия Федерациясына текстилдик продукцияларды жөнөткөн, жеңил өнөр жай товарларын өндүргөн жана экспорттогон айрым топторго маркалоо коддорун бере баштады. Маркалоого берилген коддор РФнын маалыматтык системасы тарабынан иштелип чыгат жана операторлор аралык алмашуунун алкагында “Альфа Телеком” ЖАКсына берилет.

РФке экспорттоого жеңил өнөр жайдын кайсы товарларына маркалоо берилет?

  • Таза булгарыдан жана композициялык булгарыдан жасалган, жумуш үчүн тигилген атайын кийимдерден тартып кадимки кийимдерге чейин (ТНВЭД- 4203 10 000);
  • машинага же колго токулган, аялдардын жана кыздардын блузкалары, блуздары жана блузоналары (ТНВЭД- 6106);
  • пальто, кыска пальтолор, накидкалар, плащтар, күрмөлөр (лыжа тебүүгө ылайыкталгандар дагы бар) жеңил күрмөлөр, шамал, бороондо кие турган жана ошондой кырдаалда пайдаланылчу буюмдар, мырзалар жана балдар үчүн (ТНВЭД- 6201);
  • пальто, кыска пальтолор, накидкалар, плащтар, күрмөлөр (лыжа тебүүгө ылайыкталгандар дагы бар) жеңил күрмөлөр, шамал, бороондо кие турган жана ошондой кырдаалда пайдаланылчу буюмдар, аялдар жана кыздар үчүн (ТНВЭД- 6202);
  • шейшептер, дасторкондор, даараткана жана ашканада колдонулуучу жабдыктар (ТНВЭД- 6302).

Маркалоо коддорун кантип алса болот?

Россия Федерациясына маркаланган товарларды жөнөткөндөр, КРнын жеңил өнөр жай товарларын экспорттогондор жана ишкерлер “Альфа Телеком” ЖАК менен келишим түзгөнгө чейин GTIN-коддорун алуу үчүн GS1 Kyrgyzstan предметтик номерлөө Ассоциациясына кошулуу зарыл. “Альфа Телеком” ЖАКсы менен келишимди бардык Сатуу жана тейлөө борборлорунан түзүп жана системага жетки алса болот. Анда маркалоо коддоруна буюртма берүү, аны товарга бекитүүнү каттоо жана жүктөп жөнөтүү иштери жүргүзүлөт.

Келишим түзүү үчүн Сатуу жана тейлөө борборлорунун даректери:

Бишкек:

  • Чыгыш-5 кичирайону, Чүй проспектиси 32/б, «Изумруд» соода борборунун жанында;
  • «Дордой» базары, Кожевенная көчөсү, 15-өтмөк, конт. № 60-61 («Бут кийимдер дүйнөсү»);
  • Чүй кең көчөсү 204, «Берекет Гранд» соода борбору, 0 этаж;
  • Айтматов проспектиси 3, Asia Mall соода борбору, этаж 0.

Ош:

  • Масалиева проспектиси 2 (ориентир –Каныкей эстелиги);

Кара-Суу:

  • Бакиев көчөсү б/н (ориентир – К. Жакыпов атындагы мектеп-интернаты).

Коддун баасы кандай?

Маркалоо кодунун баасы Россия өкмөтүнүн 2019-жылдын 8-майындагы № 577 токтомунун негизинде бекитилген. Ал кошумча нарк салыгын эске алганда 60 тыйынды (РФ копеек) түзөт. Төлөө Улуттук Банктын курсу боюнча кыргыз сому менен жүргүзүлөт.

Товарларды маркалоо боюнча кошумча маалыматтар менен системанын «Текшер»: https://main.teksher.kg расмий сайтынан таанышсаңыздар болот же 0 999 333 999 номерине байланышыңыз.

Сунушталган кызматтар

  • «Толукта жана утуп ал» викторинасы

    кызматы

  • «Мага кайра чал»

    кызматы

  • «I’m OK»

    кызматы

    im OK 1
  • «Онлайн роуминг» топтомдору

    кызматы